«Бай Түшүм» Банкындагы насыяларды терминалдар аркылуу төлөөгө боло тургандыгын эсиңиздерге салабыз

28.07.2017

Достор, «Бай Түшүм» Банкындагы насыялар боюнча төлөмдөрдү «Мобильник» терминалы аркылуу төлөөгө боло тургандыгын эсиңиздерге салабыз.

Бүгүнкү күндө мындай терминалдар миңдеп саналат, демек аны издеп табуу кыйынчылыкка турбайт.

Бул ыңгайлуу ыкманы биринчи жолу колдонуп жаткандар үчүн кыскача көрсөтмөнү сунуш кылабыз:

  1. Терминалдан «Банктык тейлөөлөр» дегенди тандап алабыз
  2. «Банк “Бай Түшүм» дегенди табабыз
  3. «Насыяны төлөө» дегенди тандап алабыз
  4. Сиз Банктан алган эсептешүү номуруңузду теребиз
  5. Терминалдын купюр алгычына керектүү сумманы беребиз

Болгону ушул!

Так ушундай эле жол менен биздин банктагы өз эсебиңизди же карточкалык эсебиңизди толуктап коюуга болот.

Бардык суроолор боюнча биздин байланыш борборуна: (0312) 905 805 телефону боюнча кайрылыңыздар.

Рисунок21