Жеке менчик компанияларды жана ишкерлерди насыялоо үчүн «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы компаниясына 270 миллион сом бөлүндү

12.07.2011

Өлкөдө алдыңкы банктык эмес микрофинансылык мекеменин бири болуп саналган, «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФКга 270 млн. сом (АКШнын 6 млн. долларына жакын) өлчөмдө насыя берүү аркылуу ЕБРР Кыргыз Республикасынын финансылык секторуна колдоо көрсөтүүнү улантууда. Жергиликтүү валютадагы ушул насыя менен Банк Кыргызстанда ЕБРРдин жаңы программасын ишке киргизет: Жаңы Өткөөл Мезгилинин өлкөлөрүндө (РПП өлкөлөрү)* жергиликтүү валютада насыялоо. Бул программа, экономикалык кризистин таасири менен чакырылган, чет элдик валютаны карыз алуудан ашыкча көз карандуулукка байланышкан тобокелдиктерди төмөндөтүүгө багытталган.

Жаңы программа,  ЕБРР менен кызматташкан банктарга, микрофинансылык мекемелерге жана жеке ишканаларга сом менен насыяларды берүү жолу менен жеке секторду өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө ЕБРРге жардам берет, бул аларга валюталык тобокелдиктерден арылууга мүмкүндүк берет.

ЕБРРдин ушул үч жылдык насыясы, насыялык ресурстарга дагы эле жете алгыс, чектүү шарттарда Кыргыз Республикасындагы ишкерлер үчүн сом менен насыя алууга жетүүсүн жогорулатат.

ЕБРР тарабынан берилген насыя, «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФКга, өзгөчө айыл жерлеринде, өзүнүн насыялык портфелин жогорулатууга мүмкүндүк берет, бул өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүүдө орчундуу таасирин тийгизүүгө мүмкүндүк берет.

«ЕБРР ушул насыясы менен жаңы өткөөл мезгилиндеги өлкөлөрдө, жакынкы трагедиялуу окуялардан кийин өзгөчө Кыргыз Республикасында өзүнүн инвестициясын приоритизирлөөнү улантып келет. Андан да маанилүү, «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФКнын насыя алуучулары сапаттуу тейлөө кызматтарына жана жете алгыдай пайыздык чендери боюнча талап кылынуучу сомдук ресурстарга жеңилирээк жете алышат, ал өлкөдөгү жергиликтүү валютанын рыногун өнүктүрүүгө, ага барабар эле, Кыргыз Республикасында ишкердүүлүктү андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшөт» – деп, Борбордук Азияда Микрофинансылоо боюнча Саммиттеги өзүнүн чыгып сүйлөөсүндө Кыргызстандагы ЕБРРдин Туруктуу Өкүлдүгүнүн Башчысы Кенжи Наказава баса айтып өттү, анын жүрүшүндө насыялык келишимине кол коюлду.

Макулдашууга кол коюу церемониясынын жүрүшүндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАКнын Башкы менеджери Гульнара Шамшиева төмөнкүлөрдү белгиледи: «Биздин узак мөөнөттүк өнөктөшүбүз, өзгөчө Кыргызстандагы микрофинансылык уюмдары үчүн жете ала турган, жергиликтүү валютада акча каражаттардын курч жетишсиздиги жана хеджирлөө куралдарынын чектелүү шарттарында, ЕБРРдин колдоосун биз өтө жогору баалайбыз.   ЕБРР жаңы программасынын чегинде кыргыз сомундагы насыя, айыл жерлеринде, өзгөчө айыл чарбалык сектордо насыялоону кеңейтүүгө бизге мүмкүндүк берет».

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК тарабынан берилген насыя, ЕБРР жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда ушул жылдын май айында кол коюлган Өз ара Түшүнүшүү тууралуу  Меморандумуна кол коюунун натыйжасы болуп саналат. Меморандумда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү долларизацияны жана инфляцияны төмөндөтүүгө, экономикалык реформаларды иштетүүгө багытталган, ошондой эле капиталдын жергиликтүү рыногун акырындап өнүктүрүү боюнча өзүнүн ниеттенүүсүн тастыктады.

Жергиликтүү валютада насыялоо программасы,  Жаңы Өткөөл Мезгилинин Өлкөлөрү үчүн Тобокелдиктерди Бөлүштүрүү боюнча Локалдык Валюталардын Атайы Фонду аркылуу эл аралык донорлор тарабынан колдоого алынган.   Программа, Жергиликтөө Валюталар жана 2010-жылдын май айында ЕБРР тарабынан ишке киргизилген, Капиталдын  Жергиликтүү Рыноктору боюнча Инициативанын чегинде жүргүзүлөт.

ЕБРР Кыргыз Республикасында микро-, кичи жана орто бизнес ишканаларын, ошондой эле негизги инфраструктуралык долбоорлорду  колдоого карата өзүнүн иш-аракеттерин жүргүзүп келет.  2010-жылы ЕБРРдин инвестициялары бүтүндөй АКШнын  112,5 млн. долларын түздү.  Бүгүнкү күндө ЕБРР, 70тен ашык долбоор үчүн АКШнын  650 млн. долларга жакын суммада кошумча инвестицияларды тартуу менен Кыргыз экономикасынын ар кандай секторлоруна АКШнын  450 млн. долларына жакын инвестициялады. Долбоорлордун 80 пайызга жакыны – бул өлкөнүн жеке менчик секторуна карата инвестициялар.

* Армения, Азербайжан, Беларусь, Грузия, Молдова, Монголия, Кыргыз Республикасы, Тажикстан, Туркменстан жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдөгү өткөөл мезгилдерге байланышкан проблемалар дагы эле байкалган, ал жерлерде ЕБРР  өкүлдүктөрү бар өлкөлөрдөгү экономикалык иш-аракеттерди стимулдаштырууга багытталган, Жаңы Өткөөл Мезгилинин Өлкөлөрүндөгү ЕБРР  Инициатива – РПП өлкөлөрү.

Азыркы мезгилде, капиталдык жергиликтүү рыногун өнүктүрүү боюнча Өз ара Түшүнүшүү тууралуу  Меморандумдарына беш  РПП өлкөлөрү: Армения, Грузия, Кыргыз Республикасы жана Тажикстан тарабынан кол коюлду.

Булак: www.ebrd.com