27-мартта Бүткүл дүйнөлүк акча Жумалыгы старт алат

25.03.2017

27-мартта Бүткүл дүйнөлүк акча Жумалыгы– Global Money Week 2017 старт алат. Бул глобалдуу акция финансылык сабаттуулук маселесине жана акча топтоонун зарылдыгына жыл сайын бүткүл дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдардын көңүлүн буруп, пикирлеш адамдарды өз кучагына камтыйт.

Өткөн жылы бул Жумалыкка 132 өлкө жана 14 000ге жакын уюмдар биригишкен. Быйылкы жылдагы өтө турган Жумалыктын масштабы андан кем болбой тургандыгы күтүлүүдө.

Быйыл өтө турган Бүткүл дүйнөлүк Жумалык «Окугула. Сактоолук чогулткула. Иштеп акча тапкыла» деген девиздин алдында өткөрүлмөкчү. «Бай Түшүм» Банкы акча жана финансылык сабаттуулук боюнча теманын кеңири тизмесин чагылдырууга тийиш болгон балдар сүрөтү Улуттук конкурсунун демөөрчүсү болууда.  Конкурска жалпы Кыргызстандын балдарынын жана жаш өспүрүмдөрүнүн сүрөт иштери коюлууда. Сүрөт көргөзмөсү жана жеңүүчүлөрдү салтанаттуу түрдө сыйлоо аземи Баялинов атындагы Республикалык китепканада, 3-апрель күнү болуп өтөт.

123