«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Компаниясы «Кардарларды коргоо принциптерин» эң мыкты ишке ашырган практикасы үчүн сыйлык алды

09.07.2012

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Компаниясы “Ачыктык” жана “Кардарлардын даттануулары жана сунуштары менен иштөө” механизмдерин ишке ашыруу тармагына «Кардарларды коргоо принциптери» практикасын  эң мыкты киргизгендиги үчүн  сыйлык алды.

Сыйлык «Кардарларды коргоо принциптерин» киргизүү боюнча демилгенин алкагында Микрофинансылоо Борбору (MFC)  жана Smart Campaign тарабынан уюштурулган. “Кардарлардын даттануулары жана сунуштары менен иштөө” принцибин ишке ашыруу тармагында сыйлыкты, ошондой эле Vision Fund AzerCredit (Азербайжан) компаниясы алды.   LLC MFO CREDO (Грузия)  «Ашыкча карыздардын алдын алуу» принцибин ишке ашыргандыгы үчүн сыйланды.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Компаниясы өзүнүн ишмердүүлүгүнүн чегинде ишеним арткан жана өнөктөштүк мамилелерди жаратуу менен кардарлардын кызыкчылыгын дайыма биринчи орунга коёт жана кезектеги ыйгарылган сыйлык Компаниянын социалдык багыттуулугун  бекемдеди.

Маалымат үчүн:

Микрофинансылоо Борбору (МФБ), Польшада жайгашкан, өзүнүн ишмердүүлүгүн 1997-жылдын аягында баштаган жана бүгүнкү күндө Европа менен Борбордук Азиянын ичинен 105 микрофинансылык уюмдарды бириктирет. Өзүнүн ишмердүүлүгүнүн алкагында микрофинансылык уюмдардын – МФБ мүчөлөрүнүн потенциалын бекемдөөгө багытталган ар түрдүү программаларды ишке ашырып келет. МФБ мүчөлөрүнүн ичине: банктар, бейөкмөттүк уюмдар,  социалдык жана коммерциялык  инвесторлор, өнүктүрүү агенттиги жана жеке өз ыктыярдуу эл аралык уюмдар кирет.

Smart Campaign – бул микрофинансылык уюмдардын күнүмдүк ишмердүүлүгү менен базалык маданиятына кардарларды коргоо практикасын киргизүүнү алдыга жылдырган эл аралык компания. Smart Campaign  кампаниясын жетектеген комитетке ар башка аймак менен микрофинансылык уюмдардын өкүлү болгон микрофинансы тармагынын абройлуу жол башчылары кирет.