19-октябрда «Бай Түшүм» банкынын кеңсесинде HeadHunter компаниясы тарабынан «HR-бренд Орто Азия 2021» сыйлыгына арналган бизнес-тамактануу уюштурулду

03.11.2021

Бул жолугушууда ар түрдүү компаниялардын HR-менеджерлери чогулду. Көптөгөн пайдалуу жана актуалдуу маалыматтар, HeadHunter компаниясынын презентациялары, белектер жана ири компаниялардын HR-бөлүм өкүлдөрү менен баарлашуу болду.⁣⁣⠀

⁣⁣Жолугушуунун жүрүшүндө эмгек рыногундагы заманбап тенденциялар, HR-брендинг түшүнүктөрү, «HR-бренд Орто Азия 2021» сыйлыгы тууралуу сөз болуп, «Бай Түшүм» банкы «Маданий трансформациялардын тарыхы» долбоору тууралуу айтып берди. Бизнес-тамактануунун аягында бардык катышуучулар иш-чарага катышкандыгы тууралуу сертификат алышты.⁣⁣⠀

⁣⁣HeadHunter компаниясына жана бардык катышуучуларга мыкты иш-чара үчүн, пайдалуу өткөн убакыт үчүн ыраазычылык билдиребиз!⁣⁣⠀

⁣⁣⠀

#hh

#bankbaitushum #btb