«Кабар» Маалыматтык-аналитикалык борбору:  Телефондогу капчык. Кыргызстандын рыногу келечекке даярбы?

20.07.2018

«Бай Түшүм» банкынын кызматкери Александр Мильконун  интервьюсу http://kabar.kg/news/iatc-kabar-koshelek-v-telefone-gotov-li-rynok-kyrgyzstana-k-budushchemu/

      Электрондук технологиялар жана жаңылануулар адамдардын күндөлүк тиричилигин барган сайын көбүрөөк ээлеп бара жатат. Мындан мурдараак алардын көпчүлүгүн жагымдуу майда-чүйдө нерселер сыяктуу карасак, бүгүнкү күндө алар бардык тармакты ээлеп алды. Жакындан бери Кыргызстанга визаны интернеттин жардамы менен жасоого мүмкүн болуп калды, бул туризм тармагындагы алга ташталган жакшы кадам. Өлкөбүздүн кубаттуулугу акырындан ачылып келе жатат десек болот. Бирок муну менен эле токтоп калууга болбойт. Дүйнөдө активдүү колдонулуп жаткан, бирок азырынча биздин Республикабызга жете элек көптөгөн технологиялар бар.   Мындан болгону 15 жыл илгери бардык эле адамдар электрондук почта туралуу билишчү деле эмес. Адамдар «Кантип эле катты көз ачып жумгучакты жана акысыз эле жөнөтүүгө болсун»,- деп таң калышчу. Азыр болсо, интернетсиз жашоону элестетүү да мүмкүн эмес. Интернет клубдардан чыгып, чөнтөктөрдөн орун алды, ар бир адам социалдык тармактарды колдонушат жана өз баракчаларын телефондун жардамы    менен карап чыгышат. Телефондун жардамчы катары кубаттуулугу ушуну менен эле бүтүп калбайт. Мындан тышкары,  адамдын саламаттыгынын абалын талдоону, жол багытын көрсөтүүнү жана жада калса жабдуунун ээси менен сүйлөшүүнү  үйрөнүп алган телефондордун жана жардамчы гаджеттердин функциялары бүгүнкү күндө бардык адамдарга көнүмүш нерсе болуп калды. Азыркы учурда телефон толук кубаттуу капчык да боло алат, демек, жаңызда дайыма накталай акча же банктык карталарды алып жүрүүнүн кажети болбой калат.

 Мобилдүү төлөмдөр тармагы рынокто көп мезгилдер мурун эле пайда болгон, бирок азыркы технологиялар мындан 10-15 жыл илгерки технологиялардан алда канча айырмаланып турат. Өткөн мезгилдерде төлөм жүргүзүү үчүн СМС-билдирүү жөнөтүп, же телефон чалуу керек эле, ошондо гана эсептен керектүү болгон сумма чыгарылчу. Азыр болсо банктык карта же өздүк эсеп телефондон эле жеткиликтүү жана уюлдук жабдуу толук кубаттуу электрондук капчыкка айланып бара жатат. Жакынкы убакыттан бери мобилдик төлөмдөр тармагы менен Google и Apple сыяктуу дүйнөлүк гиганттар иштешүүгө киришип жатышат. Ар бир компания өз тармактарын анонсирлешүүдө жана алар бир нече жылдардын эле аралыгында популярдуулукка жетишип жана дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде зор ишенимге ээ болушту.

Орусияда  Apple pay жана Samsung pay 2016- жылы старт алган.  Сбербанктын билдирүүсү боюнча, биринчи 7 айдын ичинде мобилдик төлөм тармактарын 1 миллиондон ашуун адам колдонушкан. Бул убакыт аралыгында 12 миллион транзакция жүргүзүлдү жана анын жарымы чоң шаарларда аткарылды. Алардагы төлөмдөрдүн багыттары ар кандай – ресторандарга жана кафелерге баруудан баштап, азык-түлүк дүкөндөрүндөгү төлөмдөргө чейин жүргүзүлдү. Ушундан улам, мындай тармактар кандай гана багыт болбосун аны камтый ала тургандыгын иш жүзүндө көрсөтө алышты. Технология өтө жөнөкөй негизде иштейт, заманбап телефон жана банктык карта болсо эле жетиштүү. Картадагы маалыматтар уюлдук жабдууга киргизилет, ушуну менен бардыгы даяр болот. Төлөм жүргүзүү үчүн телефонду pos-терминалга жакындатып коюу гана керек. Эксперттер мындай тармак классикалык банктык карталарга караганда алда канча коопсуз экендигин белгилеп жатышат. Уюлдук телефондун жардамы менен төлөм жүргүзүү үчүн pin код киргизүүнүн кажети жок, демек, кара ниеттүүлөр аны биле алышпайт жана телефон уурдалган учурда да сиздин эсебиңизди пайдаланууга мүмкүн эмес.

Жаңы тейлөөнү активдүү колдонуучулар бере турган суроолордун бири – «телефонду уурдатып жиберсек кандай болот?»- деген суроо. Уурулар картага кире алышабы?

Карта жөнүндөгү маалыматтар телефондо шифрленген түрдө сакталат, муну иштеп чыгуучулардын тастыктагандарына караганда, аны бузууга мүмкүн эмес.  Apple pay боюнча бардык төлөмдөр сканердин жардамы менен манжалардын басылмасында жүргүзүлөт жана эгерде сиз телефонуңузду уурдатып жиберген учурда, анда ал телефон аркылуу төлөмдөрдү колдоно албайт. Төлөмдөрдүн мындай тармагын ишке киргизүү калктын жашоосун жөнөкөйлөтүп эле тим болбостон, ошондой эле өлкөбүздүн экономикалык абалына да жакшы таасирин берет. Накталай эмес эсептешүүлөрдү адамдар канчалык көп колдонушса, ишкерлер өздөрүнүн экономикасын көмүскөдөн ошончолук көбүрөөк чыгарышат, себеби, pos-терминалдарды орнотуу үчүн катталуу зарыл болот.

Дүкөндөрдөгү жана тейлөө борборлорундагы  сатып алууларды төлөөлөрдөн тышкары, мобилдик төлөөлөрдүн жардамы менен виртуалдык Интернет сатып алуулар үчүн да төлөөлөрдү жүргүзүүгө болот. Карта дайыма телефонго байланганын эске алганда, манжалардын басылмасынын жардамы менен каалаган сайтыңыздан төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот, бул ар бир жолу пин-картаны киргизүүнүн зарылдыгын жокко чыгарат жана кара ниеттүүлөрдүн маалыматтарга жетүүсүнүн мүмкүнчүлүгүн азайтат.

Накталай эмес төлөмдөр Кыргызстанда да өнүгүп келе жатат, бирок анча көп эмес. Азыр көптөгөн электрондук капчыктар пайда болду. Аларды пайдалануучулар эсеп баланстарын төлөм терминалдары аркылуу толтурушат жана ар кандай тейлөөлөр – коммуналдык, интернет дүкөндөрүнөн сатып алууларды, бири-бирине акча которууларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышат. 2018-жылдын башталышына карата Улуттук Банктын маалыматы боюнча электрондук капчыктарды 700 миң адам пайдаланышкан, ал эми өткөн жылы электрондук капчык 7 миллиард сомго толукталган, же т.а. Кыргызстандын рыногундагы азыркы электрондук капчыктар Google, Apple жана Samsung компаниялары сунуш кылышкан электрондук капчыктардан бир кыйла айырмаланып турат.

«Кыргызстанга азыркы учурда ошондой тармактарды киргизүүнүн мүмкүнчүлүгү канчалык?» – деген суроо менен биз «Бай Түшүм» банкынын Дистанциялык банктык тейлөө башкармалыгынын башчысы Александр Милького кайрылганбыз.

— Кыргызстанда накталай эмес эсептешүүлөрдүн абалы кандай

     – Кыргызстандын накталай эмес эсептешүүлөр рыногу өнүгүп бара жатат, бирок жай-баракат. Мисалы, 2018-жылдын биринчи кварталында соода-сервистик ишканаларда төлөм карталарын пайдалануу менен сатып алуулардын суммасы бардыгы болуп 2,5 млрд. сомду түзгөн, бул төлөм карталары боюнча жүргүзүлгөн операциялардын жалпы көлөмүнүн болгону 6% гана түзөт. Өнүккөн өлкөлөрдөгү накталай эмес эсептешүүлөрдүн жана накталайга алмаштыруу операцияларынын статистикасы биздегиге салыштырмалуу, тескерисинче турат – накталай алуулар 5-10% жана накталай эмес төлөмдөр 90-95% түзөт. Кыргызстандын рыногундагы накталай эмес эсептешүүлөрдүн көлөмү бир жылда 55% өсүп жатат, бирок бул жетишсиз.

Сиздин пикириңиз боюнча накталай эмес эсептешүүлөрдүн өнүгүшү үчүн тоскоолдуктар барбы: калктын финансылык сабаттуулугунун төмөндүгү, чектелүү инфраструктура (эквайрингдик тармак), өлкөбүздүн борборунда жана аймактарында жабдуулардын тегиз жайгаштырылбагандыгы, соода жайларынын кожоюндарынын pos-терминалдарды колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызыкчылыктарынын төмөнкү деңгээли анын негизги себеби болуп эсептелет эмеспи.

–Учурдагы реалийлерде аталган тоскоолдуктардан өтүү коммерциялык банктар үчүн бир топ оор. Калктын көпчүлүк бөлүгүнүн психологиясы ушундай – бардык акча каражаты эсепке чегерилээр замат накталайга алмаштырылып кетээрин эске алганда, кардарлар тарабынан накталай эмес эсептешүүлөргө болгон талап анчалык жогору эмес. Биз баарыбыз талап сунушту жаратаарын жакшы билебиз. Банктар соода эквайрингин уюштуруу инвестицияларын актоого умтулушат жана ушуну менен жабдууларды жайгаштыруу географиясында дисбалансты жаратышат. Банкоматтардын жана терминалдардын көпчүлүгү борборлордо жана борбор шаарларда жайгаштырылат, ушундан улам аймактардагы жашоочулар үчүн накталай эмес эсептешүүлөр жетишээрлик жеткиликтүү болбой калууда.

—  Кыргыз Республикасында apple pay, samsung pay жана ушул сыяктуу тармактарды ишке киргизүүнүн мүмкүнчүлүгү канчалык?  

— «Бай Түшүм» банкы үчүн накталай эмес төлөмдөрдүн өнүгүшү жана инновациялык санариптик тейлөөлөрдү көрсөтүү өзгөчө артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп саналат. Ушуга байланыштуу, Банк 2018-жылдын башталышында Apple Pay, Samsung Pay жана Google Pay сыяктуу алдыңкы  төлөм тармактары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тилекке каршы, ошондой сервисти көрсөтүп жатышкан компаниялар Кыргызстандын рыногуна чыгууга даяр эмес экен, натыйжада Банк өзүнүн кардарлары үчүн ушул тейлөөнү ишке киргизе албай калды. Өнүккөн рынокторго карап багыт алгандык жана өнүгүп келе жаткан рыноктордогу сервистердин толук жеткиликтүү болбогондугу – жогоруда айтылган сервистердин негизги кемчилиги болуп саналат.

Бул сервистер коопсуздуктун жогорку деңгээлине ээ, себеби авторизацияны жүргүзүүдө, мошенниктер уурдап алышы мүмкүн болгон,  таанып-сезүү маалыматтары колдонубайт. Картанын номуру, CVC/CVV2 колдонуу мөөнөтү сыяктуу нерселер. Картанын номурунун ордуна уникалдуу идентификатор пайдаланылат, ал картаны жана анын электрондук капчыкка байламтасын каттоо учурунда генерирленет. Бирок, мошенниктер да жөн эле жатышпагандыгын эске алып, дайыма сак болуу керек. Биз өз кардарларыбызга «бардык жумуртканы бир эле себетте сактабагыла» деп дайыма кеңеш беребиз. Баарынан жакшысы бир нече картага ээ болуу, мисалы, биринчиси – сактоочу, мисалы, айлык маяна үчүн, экинчиси – күнүмдүк чыгымдар, Интернеттен сатып алуулар жана электрондук капчык үчүн. Керек болгон учурда, зарыл төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн Интернет-банкинг, же Мобилдик-банкинг аркылуу акча каражатын бир картадан экинчи картага которуп алууга болот. Мындан тышкары, жүргүзүлө турган операцияларга лимит коюуну да сунуштап келебиз, бул белгиленген суммадан ашыкча операцияларды жүргүзбөй коюуга мүмкүнчүлүк түзөт.

Александр Милько мындан тышкары «Бай Түшүм» банкы жакынкы мезгилде Кыргызстандын рыногу үчүн уникалдуу боло турган – mPOS-терминалдары аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзүү долбоорун ишке киргизе тургандыгы жөнүндө да ой бөлүштү. Бул кадимки POS-терминалдарга салыштырмалуу бир катар артыкчылыктарга ээ болгон мобилдүү POS-терминал. Аны смартфондорго же планшеттик компьютерге туташтырууга болот жана Интернет болгон баардык жерде карта боюнча накталай эмес операцияларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.  «Банктык сектордун жана өлкөбүздүн калкынын биргелешкен аракети менен гана биз накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө жана аны өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине көтөрүүгө  жетише алабыз деп Банк ишенет»,- деп айтты маектин аягында Александр Милько.

Глеб  Куренев, «Кабар» маалыматтык-аналитикалык Борбору