Банк алдамчылык тобокелчилигинин деңгээли жогору болгон мамлекеттерде VISA карталары боюнча операцияларга чектөө киргизди

23.11.2017

Урматтуу кардарлар, VISA карталары боюнча алдамчылыкты азайтуу максатында, Банк 1-декабрдан баштап, алдамчылык тобокелчилигинин деңгээли жогору болгон мамлекеттерде  VISA карталары боюнча операцияларга толук тыюу салуу түрүндөгү чектөөнү койот. Алдамчылык тобокелчилигинин деңгээли жогору болгон мамлекеттердин тизмеси төмөндөгү шилтеме боюнча көрсөтүлгөн:

Тобокелчиликтин деңгээли жогору болгон мамлекеттердин тизмеси 

Жогоруда тизмеде көрсөтүлгөн мамлекеттердин биринде операцияны жүргүзүү зарыл болгон учурда, Кардардын арызынын негизинде аны аткарууга мүмкүнчүлүк бар. Арызды Банктын бардык бөлүмдөрүнөн толтурууга болот.

Тизмеде көрсөтүлгөн мамлекеттерге барып келгенден кийин, картаны кайрадан чыгарып алууга жана ошол мамлекетте транзакцияларга кайрадан чектөө коюуга Банк кеңеш берет.