13-майда «Бай Түшүм» банкынын командасы волейбол боюнча кайрымдуулук турнирине катышты

14.05.2018

Кечээ банктын кызматкерлери, уюштуруучусу «Бир дем» коомдук фонду, Бишкек шаарынын мериясы жана Кыргызстан волейбол Федерациясы болушкан, волейбол боюнча кайрымдуулук турнирине катышышты. Мындай турнир Бишкекте биринчи жолу өткөрүлдү. Мелдеш аянтында «Политики», «Бизнес Леди», «Поколение BEST», «ШОУ-бизнес өкүлдөрү», «Журналисттер», «Спортсменкалар» жана  «Манас» аэропорту курама командасы  командалары беттешишти.

Биздин кесиптештерибиз «Поколение BEST» жана «ШОУ-бизнес өкүлдөрү» командалары менен беттешишти. Биринчи оюнда эсеп атаандаштардын пайдасына 21:25 эсебинде болсо, экинчи оюнда биздикилер 25:10 эсеби менен жеңишке жетишишти.  ?

Турнир өтө кызыктуу болду. Жыйынтык боюнча биздин команда бешинчи орунду ээледи. Жеңиш максат эмес, башкысы – катышуу болчу. Себеби, билеттерди сатуудан түшкөн бардык каражатка карылар үйлөрү үчүн азык түлүк жана керектүү буюмдар сатылып алынмакчы.