Интернет-банкинг

Интернет-банкинг кардарларга үйүнөн, же офисинен чыкпастан жана ошондой эле дүйнөнүн кайсы гана бурчунда эс алууда жүрсө да суткасына 24 саат жана жуманын бардык 7 күнү боюу Банкта ачылган эсеп-счетторун алыста туруп башкарууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Интернет-банкинг мүмкүнчүлүк берет:

  • Эсеп-счетторундагы калдыктарды кароого
  • Керектүү болгон учурдагы каттоолорду бир калыпка келтирүүгө
  • Бир эсептен экинчи бир эсепке акча каражаттарын которуулар боюнча төлөм тапшырыктарын бир калыпка келтирүүгө (банк ичиндеги которуулар, банк аралык которуулар, SWIFT тармагы боюнча которуулар)
  • Конверциялык операцияларды жүргүзүү (алмаштыруулар)

Интернет-банкингке кирүү мүмкүнчүлүгү эсеп-счетун же депозит ачкан Банктын кардарларына кызматка кошулууга макулдашууга кол коюлгандан кийин акысыз берилет. Бул үчүн Банктын жакын арада жайгашкан бөлүмүнө кайрылып, арыз жазып жана келишимге кол коюу керек.

Интернет-банкинг
Системага туташтыруу акысыз
Паролу менен ПИН конвертти берүү акысыз
Паролу менен ПИН конвертти кайрадан чыгаруу 100 сом
Интернет-банкинг аркылуу эсеп тейлөөсү акысыз

Банк тарабынан Интернет-Банкинг аркылуу кардарлар жүргүзүүчү  төлөмдөр боюнча төмөндөгүдөй лимиттер орнотулат:

  • жеке жактар үчүн төлөмдөр боюнча күндүзгү лимиттин суммасы 200 000 сомду (чет элдик валютанын эквиваленти) түзөт.
  • юридикалык жактар үчүн төлөмдөр боюнча күндүзгү лимиттин суммасы 500 000 сомду (чет элдик валютанын эквиваленти) түзөт
  • Жекече лимиттерди орнотуу үчүн Банктын жакын арада жайгашкан офисине кайрылып, арыз толтуруу  керек.

Интернет-банкингке кошулуу Интернет аркылуу жүргүзүлөт жана ал атайын программаны киргизүүнү талап кылбайт. Интернет-банкинг менен иштөө үчүн Flash Player 9 (жана жогору) орнотулган акыркы чыгарылыштагы версиялар (Internet Explorer, Mozilla, Chrome, Opera, Safari) стандарттык Интернет браузерлери колдонулат.

https://online.baitushum.kg/RiaOD3/ ушул дарек боюнча Интернет-банкинг баракчасына кирүүгө болот.