Зайымчынын эсине

1. Насыя алуу тууралуу чечим – абдан жооптуу чечим.

Банктан насыя алуудан мурда, насыя алуу бул насыялык келишим тарабынан түзүлгөн мөөнөттөрдө насыянын негизги суммасын кайтаруу жана насыяны пайдалануу үчүн эсептеле турган пайыздарды төлөөгө милдеттүү экендигине зайымчы билүү менен көңүл бурушу керек.

Насыя алуу жөнүндө чечимди кабыл алуудан мурда зайымчы өзү үчүн төмөнкүлөрдү аныктоосу керек:

  • насыянын максаттуу дайындалышын аныктоосу, насыяны алууда өзүнүн муктаждыктарын жана насыяны өз убагында кайтаруу боюнча өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн баалоосу керек;
  • бериле турган насыянын шарттары, анын ичинде насыяны алууга жана насыяны тындырууга байланыштуу боло турган бардык төлөмдөр менен жакшылап таанышып чыгуусу керек;
  • насыяны пайдалануу үчүн түзүлгөн жылдык пайыздык ченине көңүл буруусу керек;
  • насыя боюнча ай сайын төлөнө турган төлөмдөрдүн өлчөмүнө көңүл буруусу керек. Ошол эле учурда насыя боюнча төлөмдөрдүн мезгилдик вариантын тандоо учурунда, насыянын кайсы бир бөлүгүн жана ал боюнча пайыздарды тындыруунун өлчөмүнөн кем эмес өлчөмүн, насыялоо мөөнөтүнүн ичинде Сиздин кирешенин өлчөмү ошол өлчөмгө жетеби, ошону эсептеп баалоо керек.
  • кардардын бардык чыгашалары жана насыялык келишимди түзүү мезгилине карата башка төлөмдөр эсепке алынган, абсолюттук маанидеги насыянын толук наркына көңүл буруусу керек. Ошентип, акча каражаттарды карызга алуу боюнча ар бир вариантты талдоо учурунда, насыянын бардык шарттарына бирдей көңүл бурууну талап кылат, жана бир эле шартка анча маани берилбей калса, Сиз үчүн финансылык начар кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

2. Насыя жана аны тейлөөнүн (тындыруунун) шарттары жөнүндө бардык маалыматты көңүл коюуп окуп чыгыңыз.

Насыя алуу жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн насыялоо жүргүзүлө турган шарттар жөнүндө, анын ичинде насыя алуу жана аны тейлөөгө (тындырууга) байланышкан, бардык төлөмдөр жөнүндө банктын кызматкерлеринен толук маалымат алуу керек.

Эсиңизде болсун! Насыяга карата керектүү жана ишенимдүү маалыматты өз убагында (насыялык келишимди түзүүгө чейин) алууга карата Сиздин укук КРдин мыйзамы тарабынан бекитилген. («Банктар жана банктык иш-аракеттер жөнүндө» КРдин Мыйзамынын 50-беренеси. Андай маалыматка: насыянын өлчөмү, аны тындыруу графиги, жылдык пайыздары менен насыянын толук наркы (насыянын толук наркынын эсебине, насыялык келишимди түзүү жана аткаруу менен байланыштуу, насыя боюнча Сиздин төлөмдөр, анын ичинде насыялык келишимде аныкталган, үчүнчү жактардын пайдасына карата төлөмдөр кирет).

Насыялоонун шарттарын көңүл коюуп окуп чыгыңыз. Банктын көрсөтүлө турган кызматтарынын тарифтерине карата аларда камтылган шилтемелерге көңүл буруңуз.

Бир нече банктардын сунуштарын окуп чыгуу мыкты чечим кабыл алуу үчүн жакшы көмөк берет. Алынган маалымат, ар кайсы банктардын керектөөчү насыялары боюнча сунуштарын салыштырууга Сизге мүмкүндүк берет.

3. Насыялык келишимди жана башка документтерди көңүл коюуп окуп чыгыңыз.

Документтерге кол коюуга шашылбаңыз. Насыялык келишимге кол коюудан мурда аны толугу менен кылдат окуп чыгыңыз. Бул максаттар үчүн насыялык келишимди үйгө алып кетип, окуп чыгыңыз, Сиздин милдеттенмелерди (милдеттенмелерди, жоопкерчиликтерди) түзүүчү анын шарттарын шашпай көңүл коюуп окуп чыгыңыз, Сизге белгисиз же анын мазмуну Сизге түшүнүксүз болгон шарттарды насыялык келишим камтыбай тургандыгына ишеним алыңыз.

Эгерде, насыялоонун кайсы бир шарттары Сизге түшүнүксүз болсо, түшүндүрүп берүүнү өтүнүңүз жана банктын кызматкерлеринен тийиштүү документтерди сураңыз, Сизди кызыктырган маселелерди аныктап билиңиз. Эгерде, Сиз керектүү түшүнүктөрдү ала албасаңыз, 312 (905 805) телефону боюнча Банктын Call борборуна чалыңыз: Сизди кызыктырган маселелерге Сиздин жооп алууңузга Банктын кызматкерлери жардам берет.

Насыялык келишим тарабынан каралган кайсы бир төлөмдөр жүргүзүлбөсө же өз убагында жана/же толук эмес көлөмдө жүргүзүлсө, айып же туумдарды төлөө жөнүндө талап банк тарабынан коюулушу мүмкүн. Ушундай талап коюу боюнча банктын укугу, эреже боюнча, насыялык келишимде айтылган.

Насыялык келишимди абдан көңүл коюуп окуп чыгыңыз, насыя алуунун бардык «макул» жана «каршы» жактарын дагы бир өлчөп чыгыңыз, насыяны өз убагында кайтаруу жана ага тийиштүү бардык төлөмдөрдү төлөө боюнча өзүнүздүн мүмкүнчүлүктөрүңүзгө тынч отуруп баа бериңиз.

4. Насыялык келишимге кол коюу – абдан жооптуу этап.

Эсиңизде болсун! Насыялык келишимге кол коюу менен Сиз анын бардык шарттарына макул болосуз жана аларды аткаруу боюнча, анын ичинде карыздын негизги суммасын жана бардык тийиштүү төлөмдөрдү бекитилген мөөнөттөрдө кайтаруу жана төлөө боюнча милдеттенмелерди өзүңүзгө аласыз, алардын аткарылбагандыгы (талаптагыдай аткарылбагандыгы) үчүн банк доо арызы менен сотко кайрылууга укуктуу.

Насыялык келишимге кол коюу менен зайымчы анын бардык шарттары менен макул болот жана аларды аткаруу боюнча милдеттенмелерди өзүнө ала тургандыгы эсиңизде болсун.

Насыялык келишимге ылайык милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда, банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күрөө мүлкүнөн (анын ичинде кыймылсыз мүлктөн: үй же батир) төлөтүп алууга кайрыла ала тургандыгын Зайымчы жакшы билиши керек. «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы, күрөөгө коюулган мүлктөн төлөтүп алууга кайрылууну соттун чечиминин негизинде гана жүргүзө тургандыгын белгилей кетүү керек.

Эгерде, Сизге анын бардык шарттары түшүнүктүү экендигинен Сиз күмөн санабасаңыз, качан жана кандай төлөмдөрдү жүргүзүү керектигин Сиз так билсеңиз, жана Сиз аны аткара ала тургандыгыңызга ишенсеңиз гана Сиз насыялык келишимге (банктын башка документтерине) кол коюуңуз.