Соода эквайринги багытындагы кызматташуу

Соода эквайринги багытындагы кызматташуу

Мындан башка да Банк: дүкөндөргө, кафе-ресторандарга, оюн-зоок жайларына, аптекаларга, сулуулук салондоруна жана башка соода-сервистик ишканаларга товарлар жана тейлөөлөр үчүн төлөм жүргүзүүдө VISA жана Элкарт төлөм карталарын тейлөө боюнча макулдашууларды түзүүнү сунуштайт.

  1. Соода эквайринги багытында биздин өнөктөш болуу менен Сиз бир катар артыкчылыктарга ээ болосуз:
  • Товарлар жана тейлөөлөр үчүн накталай эмес төлөмдөргө сатуудан кармалуучу салык чени киргизилбейт (сатуудан кармалуучу салык  – 2 %);
  • Пластикалык карталарды кармаган кардарларды тартуунун эсебинен  товар жүгүртүүнү (18-23%) көбөйтүү. Накталай акча менен чектелүү болбогондуктан, карта менен төлөө учурунда адамдар көбүрөөк  чыгымдашат, кымбат товарларды тандашат жана баш-аламан сатып алууларды жүргүзүүгө да жакын болушат;
  • Тейлөөгө кетүүчү убакыттын жана инкассация чыгымдарынын   кыскарышы;
  • Финансылык жоготуулардын жана персоналдар кетирүүчү катачылыктардын тобокелдигинин азайышы
  • Коопсуздук – жасалма купюрларды алуу же соода жайларында акча каражатын жоготуп/уурдатып жиберүү кокустуктары кыскарат.
  • Төлөм формаларын тандоо мүмкүнчүлүгүн түзүп бергендиктин жана «Бай Түшүм» банкы менен кызматташуунун аркасында Сиздин уюмга болгон кардарлардын лоялдуулугу жана алардын ишениминин  жогорулашы
  •  РКО жеңилдетилген тарифтери
  1. ААК «Бай Түшүм» Банкы менен кызматташуу жөнүндө макулдашууну түзүү менен, Сиз төмөнкүлөргө ээ болосуз:
  • Сиздин уюмдун персоналдарын POS-терминалдар менен иштөө боюнча акысыз окутуу;
  • Verifone Vx 675 моделиндеги заманбап жана мобилдүү POS-терминалдары;
  • Магниттүү тилкелүү жана чип менен жабдылган VISA жана Элкарт карталарын алуунун мүмкүнчүлүгү;
  • Ийкемдүү тарифтер жана соода-сервистик жайлар үчүн арзандатуулардын тармагы
  1. Банктын өнөктөшү болуу үчүн бар болгону 4 гана кадам:
  •  1-кадам:  Соода эквайринги боюнча макулдашууну түзүү
  •  2-кадам: ААК «Бай Түшүм» банкында эсеп ачуу
  •  3-кадам:  Кассада  POS-терминалын орнотуу
  •  4-кадам: Терминалда  иштөө боюнча кыска мөөнөттүү окутуу

Бирге берилүүчү маалымат:

Сиздердин көңүлүңүздөрдү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23- декабрындагы № 869 «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар» жөнүндөгү Токтомундагы өзгөртүүлөргө ылайык, иш жүргүзүүнүн айрым түрлөрүнүн тизмеси бекитилгендигине бурабыз. Ушул документке ылайык соода-сервисттик ишканалар өздөрү ишин жүргүзүп жаткан жайларда банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуучу жабдууларды орнотуулары жана колдонуулары зарыл.