Акциялар
Бай-Түшүм Банкы QR аркылуу төлөмдөрдү комиссиясыз кабыл алуу боюнча акцияны узартты
«Бай-Түшүм» Банкы юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн атайын акциянын мөөнөтүн узартат. Эми 2026-жылдын 31-декабрына чейин QR аркылуу төлөмдөрдү комиссиясыз кабыл алып, бизнесиңиз үчүн ыңгайлуу санариптик чечимдерди колдоно аласыз.
Юридикалык жактар үчүн QR-код Интернет-банкингде, ал эми жеке ишкерлер үчүн BTB Business мобилдик тиркемесинде түзүлөт.
Бизнес үчүн артыкчылыктары:
- QR аркылуу төлөмдөрдү комиссиясыз кабыл алуу;
- түшүүлөрдү жана каржылык операцияларды ыңгайлуу башкаруу;
- бизнести натыйжалуу жүргүзүү үчүн санариптик инструменттер;
- накталай эмес төлөмдөрдү тез жана ыңгайлуу кабыл алуу.
Бизнесиңизди «Бай-Түшүм» Банкы менен бирге өнүктүрүңүз — биз күнүмдүк бизнес процесстерди жөнөкөйлөтүүгө жана ыңгайлуу кылууга жардам берген чечимдерди сунуштайбыз.
_______________________________________________________________________________________________________________________
BaiPay картасы менен Кытайдан сатып алып, баалуу белектерди утуп алыңыз!
Кытайдан товарларга буюртма бергенди жактырасызбы? Эми сатып алууларыңыз сизге керектүү товарларды гана эмес, баалуу белектерди да алып келиши мүмкүн! 🎁
«Бай-Тушум» Банкы ELTAO EXPRESS менен биргеликте BaiPay картасынын ээлери үчүн акция баштайт.
Буйрутмаларыңыз үчүн BaiPay картасы менен төлөп, товарларыңызды ELTAO EXPRESS аркылуу алыңыз — жана баалуу белектер үчүн жарышка катышыңыз!
🎁 10 белек — 2 этап — утуп алуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк!
Биринчи этап
21-сентябрь — 20-октябрь 2026-жыл
1. Apple iPad 11
2. Xiaomi аба тазалагычы
3. JBL портативдик колонкасы
4. ELTAO EXPRESS компаниясынан акысыз жеткирүүгө сертификат
5. ELTAO EXPRESS компаниясынан акысыз жеткирүүгө сертификат
Экинчи этап
21-октябрь — 20-ноябрь 2026-жыл
1. Dreame робот-чаң соргучу
2. Яндекс Станция Миди акылдуу колонкасы
3. Marshall зымсыз кулакчындары
4. ELTAO EXPRESS компаниясынан акысыз жеткирүүгө сертификат
5. ELTAO EXPRESS компаниясынан акысыз жеткирүүгө сертификат
Акцияга кантип катышса болот?
Баары оңой:
BaiPay картасын ачыңыз → сатып алууларыңыз үчүн төлөңүз → буйрутмаларыңызды ELTAO EXPRESS аркылуу алыңыз → сатып алуулардын жалпы көлөмүн көбөйтүңүз → баалуу белек утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуз!
BaiPay картасын төмөнкү жолдордун бири аркылуу ача аласыз:
- «Бай-Тушум» Банкынын каалаган филиалында;
- Банктын сайтындагы онлайн-арыз аркылуу;
- ELTAO EXPRESS кеңселериндеги Банктын менеджерлеринен;
- Банктын мобилдик тиркемеси аркылуу виртуалдык картаны ачып.
🚀 Канчалык көп сатып алсаңыз — утуп алуу мүмкүнчүлүгүңүз ошончолук жогору!
Акциянын алкагында ар бир этапта BaiPay картасы менен төлөнгөн сатып алуулардын жалпы көлөмү эске алынат.
Операциялардын санына чектөө коюлбайт. Демек, ар бир жаңы сатып алуу сизди байгелүү орунга жакындата алат.
Маанилүү: бир катышуучу акциянын бүткүл мезгилинде бир гана жолу байге утуп ала алат.
📅 Акция 2026-жылдын 21-сентябрынан 20-ноябрына чейин өтөт.
Сатып алууларыңызды кийинкиге калтырбаңыз — BaiPay картасын ачыңыз, буйрутмаларыңыз үчүн төлөңүз жана байге утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуз!
BaiPay × ELTAO EXPRESS — сатып алууларыңыз эми дагы жагымдуу! ❤️
_______________________________________________________________________________________________________________________
Бай-Тушум Банкы Россиядан акча которууларды алган кардарлар үчүн жаңы акцияны баштайт.
2026-жылдын 14-августунан 15-декабрына чейин ОАО «Банк Бай-Тушумдун» бөлүмдөрүнөн же SENDY, Astrasend жана БЭСТ эл аралык акча которуу системаларынын бири аркылуу акча которууларды алып, акчалай сертификаттардын ойнотулушуна катышыңыз.
Кантип катышууга болот?
Акцияга катышуу үчүн Россиядан акча которууларды Банктын бөлүмдөрүнөн же BTB тиркемеси аркылуу катышуучу акча которуу системаларынын бири менен алуу зарыл.
Жеңүүчүлөр акциянын ар бир этабынын жыйынтыгы боюнча аныкталат.
Катышуучулардын рейтингине тиешелүү мезгил ичинде Россиядан эң көп жалпы суммада акча которууларды алган кардарлар кирет.
4 этап — 12 жеңүүчү
1-этап: 14-август – 15-сентябрь 2026-жыл
2-этап: 16-сентябрь – 15-октябрь 2026-жыл
3-этап: 16-октябрь – 15-ноябрь 2026-жыл
4-этап: 16-ноябрь – 15-декабрь 2026-жыл
Ар бир этаптын жыйынтыгы боюнча үч жеңүүчү аныкталат:
🥇 1-орун — 50 000 сомго акчалай сертификат
🥈 2-орун — 30 000 сомго акчалай сертификат
🥉 3-орун — 20 000 сомго акчалай сертификат
Ошентип, акциянын бардык мезгилинин ичинде 12 жеңүүчү аныкталат.
Россиядан которууларды «Бай-Тушум» Банкы аркылуу алыңыз жана акчалай сыйлыктарды утуп алыңыз!
_______________________________________________________________________________________________________________________
Акча которууларды алуучулар үчүн уюштурулган «Баалуу белек» акциясы жылдын аягына чейин узартылды!
«Бай-Түшүм» ААК Банкы Sendy төлөм системасы жана «Мир Привилегий» банкы менен биргеликте «Баалуу белек» акциясынын мөөнөтү 2026-жылдын 31-декабрына чейин узартылганын жарыялайт.
Кардарлардын жогорку кызыгуусуна жана катышуучулардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу акция улантылып, акча которууларды алуучуларга ай сайын өткөрүлүүчү ойнотмолорго катышып, баалуу белектерди утуп алуу үчүн дагы көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Акцияга кантип катышса болот?
Баары абдан жөнөкөй:
- Россиядагы жөнөтүүчү «Мир Привилегий» мобилдик тиркемеси аркылуу Кыргызстанга 25 000 (жыйырма беш миң) орус рублинен кем эмес суммада акча которот.
- Которууну жөнөтүүдө BTB промокодун же «Бай-Түшүм» Банкынын каалаган бөлүмүнөн же Банктын расмий сайтынан алынган промокодду көрсөтөт.
- Промокод колдонулган учурда жөнөтүүчү акча которуу үчүн 0,05% арзандатууга ээ болот.
- Акча которууну алуучу автоматтык түрдө баалуу белектердин ойнотмосуна катышуучу болуп калат.
Кандай белектерди утуп алууга болот?
Акциянын катышуучуларын үйдө жана күнүмдүк турмушта колдонууга ылайыктуу заманбап жана пайдалуу белектер күтөт. Алардын катарында чаң соргуч, мультиварка, кофе кайнаткыч, аэрогриль, кийим буулоочу аппарат, Яндекс Станция акылдуу колонкасы, фен, электр чайнек, үтүк жана кулакчындар бар.
Ар бир катышуучуга кепилденген белек
«Бай-Түшүм» Банкынын бөлүмүнөн акча которууну алган ар бир кардарга фирмалык стилдүү кардхолдер белекке берилет.
Акциянын өткөрүү мөөнөтү
Акция 2026-жылдын 1-мартынан 31-декабрына чейин өткөрүлөт жана төмөнкү этаптардан турат:
- 2026-жылдын 1-июлунан 15-августуна чейин;
- 2026-жылдын 16-августунан 30-сентябрына чейин;
- 2026-жылдын 1-октябрынан 15-ноябрына чейин;
- 2026-жылдын 16-ноябрынан 31-декабрына чейин.
Ар бир этаптын жыйынтыгы ал аяктагандан кийин 15 жумушчу күндүн ичинде чыгарылат.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси «Бай-Түшүм» Банкынын расмий сайтында жарыяланат. Мындан тышкары, жыйынтыктар жарыялангандан кийин Банктын кызматкерлери жеңүүчүлөргө 5 жумушчу күндүн ичинде телефон аркылуу байланышат.
Утуп алынган белекти Кыргыз Республикасынын аймагындагы «Бай-Түшүм» Банкынын каалаган бөлүмүнөн алып кетүүгө болот.
Акция тууралуу кеңири маалыматты, катышуу эрежелерин жана промокодду төмөнкү жерлерден алууга болот:
- «Бай-Түшүм» Банкынын бардык бөлүмдөрүнөн;
- 8899 телефону аркылуу;
- WhatsApp: +996 990 008 899.
Акча которууларды алып, акцияга катышып, «Бай-Түшүм» Банкы менен бирге баалуу белектерди утуп алыңыз!
________________________________________________________________________________________________________
Акция улантылды!
«Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн эсепти акысыз ачуу» акциясынын мөөнөтү 2026-жылдын 31-декабрына чейин узартылды.
Эми сизде эсептешүү эсебин комиссиясыз ачып, Банктын кызмат көрсөтүүлөрүнүн бардык артыкчылыктарын баалоо мүмкүнчүлүгү бар:
-
Эсепти тез жана ыңгайлуу ачуу
-
Заманбап жана ишенимдүү интернет-банкинг
-
Эсептешүү-кассалык тейлөө боюнча пайдалуу тарифтер
Акция жаңы кардарларга — юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге — карата колдонулат.
Жакынкы Банктын бөлүмүнө кайрылып, ишенимдүү финансылык өнөктөш менен кызматташууну бүгүн баштаңыз!

