Эскроу эсеп

«Бай Түшүм» Банкы кыймылдуу, кыймылсыз мүлктү сатуу жана сатып алуу иштери боюнча эсептерди жүргүзүүгө багытталган Эскроу эсептерин – «кепилденген» эсептерин  ачуу жана жүргүзүү боюнча тейлөөлөрүн сунуш кылат. Эскроу эсептери сатуучулар жана сатып алуучулар үчүн өз ара эсептешүүлөрдө толук коргоону камсыз кылат. Бул эсеп кыймылсыз/кыймылдуу мүлктү сатып алуучунун акча каражатын коммерциялык иши аяктаган учурга чейин убактылуу блокко коюп коюуга мүмкүнчүлүк берет. Иштер аяктагандан жана Банкка бекемдөөчү документтерин бергенден кийин, Эскроу эсептери боюнча ээлик кылуу жана башкаруу укугу Сатуучуга өтөт.

Эсеп валютасы: KGS, USD.

 Эскроу эсеби боюнча Тарифтер:

  • Жүргүзүлгөн иштин суммасынан  0,15%, min 1000 сом, max 5000 сом

 Эскроу эсебинин иштөө Схемасы:

  1. Коммерциялык иштеги тараптардын макулдашуусу боюнча Сатып алуучу Эскроу эсебин ачат;
  2. Сатып алуучу эсепке акча которот, Банк аны жумуштар аяктаганга чейин блокко койот;
  3. Эсеп ачылгандан кийин Банк Эскроу эсеби ачылгандыгы жана анда керектүү акча каражатынын бар экендиги тууралуу маалым катты Сатып алуучуга берет;
  4. Сатуучу өкүлчүлүктүү мекемелерден (мам. каттоо, нотариус) коммерциялык ишти каттоодон өткөрөт жана кыймылсыз мүлктүн сатып алуучунун пайдасына катталгандыгын тастыктоочу документтерин Банкка берет;
  5. Мамлекеттик каттоо кызматынан алынган жана Банкка берилген сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде Сатуучу Эскроу эсебин башкарууга жеке укугун алат.

Эсепти ачуу үчүн керектүү документтердин тизмеси

 Юридикалык жактар үчүн эсепти ачуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

  • Банкта эсепти ачууга Борбордук Казналыктын уруксааты (КРнын мыйзамдарында бекитилген талаптарга ылайык мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик ишканалар жана мекемелер үчүн);
  • Юстиция уюмдарында каттоого алынган, өзгөртүүлөрү жана толуктоолору киргизилген Уставдын   нотариалдык бекемделген көчүрмөсү (2009-жылдын 01-апрелинен баштап каттоого алынган юридикалык жактар үчүн Устав юридикалык жактын мөөрү жана ыйгарым укуктуу адамдын колу    менен тастыкталат),) юридикалык жактын мөөрү жана ыйгарым укуктуу адамдын колу менен тастыкталган  Учредителдик келишимдин көчүрмөсү (болгон учурда);
  • Юридикалык жактын юстиция уюмдарында мамлекеттик катталуусу (кайрадан катталуусу) жөнүндөгү күбөлүгүнүн көчүрмөсү  (Экономикалык эркин аймакта каттоодо турган юридикалык жактар үчүн, бул ЭЭАнын Дирекциясы тарабынан берилген катталуусу жөнүндөгү Күбөлүк болуп эсептелет);
  • Эркин экономикалык аймакта каттоодо турушкан юридикалык жактар үчүн Кыргыз Республикасынын статистикалык уюмдарында каттоодо тургандыгын тастыктоочу документин да кошумча түрдө берүү зарыл;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы талаптарга ылайык, лицензияланууга тийиш болгон иш жүргүзүүгө укук берүүчү лицензиянын бекитилген тартиптеги тастыкталган көчүрмөсү;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында эсеп ачылгандан кийин лицензияны берүү каралган учурда,  лицензиянын көчүрмөсү аны алгандан кийин берилет;
  • Уставда көрсөтүлбөгөн учурда Юридикалык жактын акча каражатын тескөөгө алуучу жетекчинин ыйгарым укуктарын жана көлөмүн тастыктоочу  (Учредителдин же акционерлердин чечими, учредителдердин, акционерлердин чогулушунун Токтому, ишеним кат, буйрук ж.б.у.с.)  документтер;
  • Коюлган колдун жана мөөрдүн басма үлгүсү түшүрүлгөн нотариалдык тастыкталган эки карточкасы;
  • Эсептеги акча каражатын тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдардын паспортторунун көчүрмөлөрү (көчүрмө алынган документтин оригиналы тааныштыруу үчүн көрсөтүлөт)
  •  Катышуучулардын –  жеке жактардын паспортторунун көчүрмөлөрү, юридикалык жактардын – учредителдик документтеринин көчүрмөлөрү;
  • Эгерде КРнын Юстиция министрлигинин мамлекеттик каттоо (кайрадан каттоо) жөнүндөгү кардардын күбөлүгүндө ИНН көрсөтүлбөгөн учурда, анда – салык төлөөчүнүн каттоо карточкасынын көчүрмөсү;
  • Салык боюнча катталуусу жөнүндөгү салык кызматы уюмунан маалым кат;
  • Юридикалык жактын Социалдык фонддо катталуусун тастыктаган документ.

 Жеке жана менчик ишкерлер үчүн

  •  Сатып алуучунун паспортунун көчүрмөсү;
  •  Сатуучунун паспортунун көчүрмөсү;
  •  Ыйгарым укуктуу уюм тарабынан берилген жана жекече ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн (кайрадан катталуусун)   тастыктай турган бекитилген формадагы документтин (күбөлүктүн) көчүрмөсү, же мамлекеттик каттоосуз жекече ишкер катары ишкерлик багытында иш жүргүзгөндүгүн тастыктай ала турган документтин (патент) көчүрмөсү;
  • Салык кызматы уюмунан салык төлөөчүнүн катталуусу жөнүндөгү маалым кат (эгерде жекече ишкер күбөлүк боюнча катталган болсо);
  • Коюлган колдун жана мөөрдүн (бар болгон учурда) үлгүсү түшүрүлгөн эки карточка.

Нотариалдык бекемдөөгө тийиш болбогон документтердин көчүрмөлөрү текшерип салыштыруу үчүн оригиналдары менен бирге берилет.