Финансылык рынок боюнча ЖИК Комитетинин кеңешмеси

05.07.2018

2018-жылдын 28-июнунда Банктын башкы кеңсесинин конференц-залында Финансылык рынок боюнча ЖИК (Жаштардын ишкер Кеңеши) Комитетинин кеңешмеси болуп өттү. «Бай Түшүм» банкынын Башкармасынын Төрагасы Максатбек Ишенбаевдин жетекчилиги алдында комитеттин мүчөлөрү төмөндөгү маселелерди талкуулашты:

  • Ата Мекендик банктардын чет элдик трансулуттук банктар менен өнөктөштүк мамилелерин (корреспонденттик түз эсептерди ачуу) жөнгө салуу жана кеңейтүү маселелери боюнча Финансылык индустриянын SWIFT (Sibos 2018, Австралия, Сидней) 40- Эл аралык форумуна Ата Мекендик банктардын мүмкүн катышуусу жөнүндө;
  • Комитеттин Финансылык чалгындоо Мамлекеттик кызматынын ишмерчилигин реформалоо боюнча сунуштарын иштеп чыгуу жөнүндө;
  • Банк мекемелеринин жана насыя алуучулардын ортосундагы насыя боюнча соттук териштирүүлөрү чыккан учурдагы күрөө мүлктөрүн баалоо экспертизасы маселелери боюнча Мамлекеттик кызматтык-эксперттик кызматтын ишмерчилиги жөнүндө.

Ошондой эле «Эл Групп Консалтинг» компаниясы айлык маяналар жана компенсациялар рыногу боюнча жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгынын презентациясын да өткөрдү.