Өткөн жекшемби күнү биринчи балдар хосписи достору – Банктын кызматкерлери менен Нооруз майрамын тосту

19.03.2018

Өткөн жекшемби күнү биринчи балдар хосписи Нооруз майрамын тосту.    Майрам «Бай Түшүм» банкынын колдоосу менен биздин кызматкерлерден жана алардын балдарынан турган 9 волонтердун жана «Бай Түшүм» банкынын башкармалыгынын Төрагасы Максатбек Бейшенбекович Ишенбаевдин активдүү катышуусунда өттү. Хоспистин өзүндөгү балдар жана Беловодскидеги балдар үйүнүн тарбиялануучулары иш-чаранын меймандары болушту.  

Ноорузду ырдап, бийлеп, клоундордун оюндары жана салт болуп калган плов, таттуулуктар менен абдан көңүлдүү тосушту. Иш-чараны уз-усталардын иштеринин жарманкеси да жакшы толуктады.

Балдар хосписиндеги майрамды көңүлдүү жана шаңдуу өткөрүүгө жардамдашкан адамдардын баардыгына чоң Рахмат!