27-сентябрдан баштап, 10-октябрга чейин КРнын Экономика министрлигинин алдындагы «Аялдар ишкерчилигин өнүктүрүү» долбоорунун тренерлери «Бай Түшүм» банкынын кардарларын финансылык сабаттуулуктун негиздери жана бизнес-пландашыруу боюнча окутушту

17.10.2017

«Аялдар ишкерчилигин өнүктүрүү» долбоорунун тренерлери сентябрь айы  толугу менен жана октябрь айынын биринчи жарымында «Бай Түшүм» банкынын кардарлары үчүн маалыматтык семинарларды өткөрүштү. Тренингке биздин республикабыздын бардык борбордук шаарлары: Бишкек, Чолпон-Ата, Нарын, Талас, Ош, Баткен жана Жалал-Абад шаарлары тартылышты. 

150 ишкер-айым финансылык сабаттуулуктун жана бизнес-пландаштыруунун негиздери боюнча бир күндүк  интерактивдүү курсту угушту. Окуунун алкагында тренингдердин катышуучулары балансты даярдоонун, финансылык пландаштыруунун  негиздери менен таанышышты жана «коопсуздук жаздыкчасынын» болушунун канчалык маанилүү экендигин жана каржылоо булактарын издөөнүн маселелерин талкуулашты.   Тренингдердин жүрүшүндө катышуучуларга бизнести ачуу жана аны жүргүзүү боюнча сунуштамалар берилди, бизнести минималдуу каражат менен кантип ачууга же инвестиция тартууга боло тургандыгы жөнүндөгү реалдуу кейстер талкууланды.

«Бул биздин кардарларыбыз-аялдарды окутуу боюнча Азия өнүктүрүү банкынын «Аялдар ишкерчилигин өнүктүрүү» долбоору менен кызматташуубуздун алгачкы тажрыйбасы эмес. Бул биздин жакшы салтыбыз болуп калган жана ушундй мүмкүнчүлүк түзүп бергендиктери үчүн биз өзүбүздүн өнөктөшүбүзгө абдан ыраазыбыз. Ишкер аялдарга мындай тренингдер абдан маанилүү, окуулар өз бизнесине жаңыча көз салууга, финансылык эсепти жөнгө салууга жардам берет, ишкер-аялдарды өз чыгымдарына сарамжал мамиле жасоого жана керек болгон учурларда инвестицияларды таба билүүгө үйрөтөт»,- деп белгиледи «Бай Түшүм» банкынын Башкы менеджери Гүлнара Шамшиева.

«Аялдар ишкерчилигин өнүктүрүү» долбоорун турмушка ашыруу боюнча  «Бай Түшүм» Банкы КРнын Экономика министрлиги менен өнөктөш финансылык уюм болуп саналат. Долбоордун каражатын пайдалануу менен банк тарабынан айыл жерлериндеги ишкер аялдарга жалпы суммасы 37 млн. сом болгон насыялар берилди. Долбоорду турмушка ашыруунун жүрүшүндө банктын адистери насыялоодо гендердик ыкмаларды пайдаланууга үйрөнүштү, долбоордун эксперти мобилдик банкингди ишке киргизүү жана жакырчылыкты баалоонун методологиясы боюнча  банк үчүн сунуштамаларды иштеп чыкты.