«Бай Түшүм» командасы шахмат боюнча KPMG Төртүнчү Чемпионатында 2-орунду ээледи

18.05.2018

Бул биздин шахмат мелдештерине катышып келе жаткан бардык 4 жыл аралыгындагы эң мыкты натыйжабыз болду.

Биздин кесиптешибиз Канат Умаралиев  турнирдин жыйынтыгы боюнча, ушул жылы 1-доскада ойногондордун арасында, экинчи жолу да эң мыкты оюнчу болду. Биздин 2-шахмат командабыз суктанаарлык туруктуулукту жана тырышчаактыкты көрсөтүү менен 13- орунду ээледи. Кесиптештер, биз силер менен сыймыктанабыз!

Шахмат боюнча KPMG Жогорку Лигасынын Чемпионаты 12-майда болуп өткөнүн жана ага 18 команда катышкандыгын эсиңиздерге салабыз.

Биздин кесиптештерибизге жаңы- жаңы жеңиштерди каалайбыз!