Бүгүн GMW-2017 алкагында өткөрүлгөн сүрөт конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланышты

03.04.2017

Бүгүн Баялинов атындагы китепканада быйылкы жылы «Окугула. Сактоолук топтогула. Иштеп акча тапкыла!» деген девиздин алдында өткөрүлгөн Global Money Week-2017 Бүткүл Дүйнөлүк акча жумалыгы өз ишин расмий жыйынтыктады.  Салтанаттуу аземде «Бай Түшүм» банкынын колдоосу алдында өткөрүлгөн балдардын жана өспүрүмдөрдүн сүрөт улуттук конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо болуп өттү.  Конкурска 7 жаштан баштап, 17 жашка чейинки балдар катышышты жана жеңүүчүлөр жаш курактары боюнча 3 топто аныкталды. Мыкты тартылган сүрөттөрдүн авторлору  3-орун үчүн 1 500 сомдон баштап, 1- орун үчүн 5 000 сомго чейинки акчалай байгелерге ээ болушту. Конкурс финансылык сабаттуулук темасына арналган болчу.

7 жаштан 10 жашка чейинки жаш курактагы топто төмөндөгү балдар байге ээлери болушту:
1 орун – Суйунбек кызы Сарвиноз, 9 жашта. Сүрөттүн темасы: «Үй-бүлөлүк бюджет деген эмне?»
2 орун – Хамитов Бекболсун,10 жашта. Сүрөттүн темасы: «Банк»
3 орун – Кубатова Адинай, 9 жашта. Сүрөттүн темасы: «Үй-бүлөлүк бюджет деген эмне?»

11 жаштан 14 жашка чейинки катышуучулардын тобунда байгелик орундар төмөндөгүчө бөлүштүрүлдү:

1 орун – Кадыркулова Аделя, 14 жашта. Сүрөттүн темасы: «Акчаны кантип туура пайдалануу керек»
2 орун – Абдылдаев Элнур, 14 жашта. Сүрөттүн темасы:  «Сактоолук менен акча табуу»
3 орун – Улан кызы Шербет, 12 жашта. Сүрөттүн темасы: «Акчаны акылдуулук менен колдонуу–ийгиликтин өбөлгөсү»

15 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн тобунда байгелерге төмөндөгүлөр ээ болушту:
1 орун – Эгембердиева Мадина, 15 жашта.
2 орун – Моноев Нурлан, 15 жашта. Сүрөттүн темасы: «Акча деген эмне»
3 орун – Добрынина Айпери, 15 жашта. Сүрөттүн темасы: «Агып бара жаткан акчалар»

Бардык балдарга чыгармачылыктагы жаңы ийгиликтерди жана финансылык жактан сабаттуу болушун каалайбыз!

НД6

_DSC0205

_DSC0206