«Бай Түшүм» Банкы «Global Money Week — 2017» алкагындагы сүрөт улуттук конкурсунун демөөрчүсү болду

22.02.2017

6-«Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын» алкагында сүрөт боюнча улуттук конкурс жарыяланган, анын демөөрчүсү болуп «Бай Түшүм» Банкы чыккан. 7 жаштан 17 жаш курагына  чейинки балдарды бул конкурска активдүү катышууга жана акчалай байгелерге ээ болууга чакырабыз. Конкурс  финансылык сабаттуулукту  жогорулатуу максатында өткөрүлүүдө жана акчаны башкара билүүгө окуунун, келечекке финансылык мерчемдерди түзө жана максат койо билүүнүн зарылдыгы жөнүндөгү маселеге балдардын, жаштардын көңүлүн буруу болуп эсептелет. Сүрөт иштерин 2017-жылдын 10-мартына чейин, саат 17:00дөн кечиктирбестен, Бишкек шаары, Т. Үмөталиев көч., 108, Өнүгүү саясаты Институтунун Офиси дареги боюнча жөнөтүү керек, телефондору: 0(312) 97-65-30 (31,32,33,34).

Конкурстук иштердин темалары: Конкурс КРнын билим берүүчү мекемелеринин 7 жаштан 17 жашка чейинки окуучуларынын арасында төмөндөгү категориялар боюнча өткөрүлөт: Байге Фонду:
  • Акча деген эмне?
  • Менин жекече бюджетим
  •  Үй-бүлөлүк бюджет деген эмне?
  •  Биздин турмушубуздагы финансылык пландаштыруу жана сактоолук
  • Акчаны кантип топтоо жана аны кантип акылдуулук менен пайдалануу керек?
  • Чөнтөк акчамды туура башкара билемби?
  • Акча эсепти сүйөт
  • Акыл менен сарптай билүү—жашоодогу ийгиликтин өбөлгөсү
  • Сактоолуктун негизинде акча таба бил
  • Окуп да, иштеп да акча таба билүү

 

  • 1-категория – 7-10 жаштагылар 3төн байгелик орун болжонууда;
  • 2-категория – 11-14 жаштагылар 3төн байгелик орун болжонууда;
  • 3-категория – 15-17 жаштагылар 3төн байгелик орун болжонууда;

 

  • Биринчи орун – 5000 сом,
  • Экинчи орун – 3000 сом,
  • Үчүнчү орун– 1500 сом.

 

 Сүрөт конкурсу жөнүндөгү Жобо (Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы- 2017)

 Global Money Week Кыргыз Республикасы быйыл 4- жолу үзбөй катышып келе жаткан эл аралык кампания. Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы 27-марттан 2-апрелге чейинки аралыкта болуп өтөт. 2017-жылдын темасы: «Окугула. Сактоолук түзө билгиле. Иштеп акча тапкыла» болуп саналат. Конкурстун уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жетекчилиги алдында Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы-2017 жумалыгын (Global Money Week-2017) Кыргызстанда  өткөрүү боюнча демилгечи топтун курамына Өнүгүү саясаты Институту, Билим берүүчү демилгелерди колдоо Фонду, ОЮЛ «Кыргызстан Банктар Союзу», «Микрофинансылык уюмдардын Ассоциациясы», ОЮЛ «Насыялык маалыматтарды пайдалануучулардын Ассоциациясы»,эл аралык кызматташуу боюнча Германиялык коомулугу (GIZ), эл аралык финансылык Корпорация (IFC), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Министрлиги, Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо боюнча Агентствосу, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик Салык кызматы, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик Агентствосу, финансылык инстиуттар жана башкалар экендигин эсиңиздерге салабыз. Мындан тышкары, «Global Money Week — 2017» эл аралык кампаниясы акча жана аны сактай билүү жөнүндөгү билим  алууга балдарды жана жаштарды шыктандырууга багытталган ар кандай иш-чараларды, тренингдерди жана конкурстарды өз ичине камтыйт. Бул конкурстун жүрүшүндө балдар бизнести ачуунун, ишке орношуунун, мүмкүнчүлүктөрү жана ошондой эле келечекте жооптуу чечимдерди чыгара билүү үчүн финансылык жактан сабаттуу болуунун зарылдыгына көңүл бурушат.