Кыргыз Республикасынын экономикасы алып караганда көпчүлүк жагынан айыл чарбасына көз каранды. Ысык-Көл –уникалдуу бийик тоолуу көл болуп эсептелет. Ал жаратылыштык кооздугу, таза жана тунук суусу менен белгилүү. Жергиликтүү тургундар балык кармоо ишиндеги чоң потенциалдуулукту көрүп туруп, Ысык-Көлдөгү балыктын түрүн толтуруу менен алектенишет. Советтер Союзунун кулашы менен балык чарбачылыгынын көпчүлүк бөлүмү жана ал боюнча заводдордогу жабдуулардын эскиришинен жана акча каражатынын жоктугунан кайрадан калыптанган.

2000-жылы Ак-Суу районундагы Бөрүбаш айылынын тургуну Эсен Аламанов өзүнүн жеке балык чарбасын түзгөн. Ал Бөрүбаш айылынын чет жакасынан 75 га жерди ижарага алган. Ал жакка балыктарды кое берүү жана форель балыгын өстүрүү үчүн ыңгайлуу көлмө жасайт. 2000-жылдан бери чарбада балыктын: сиг, форель, пелядь, амур жана карп деген аталыштагы 5 түрүн өстүрүшкөн.

“Каракол балыгы” балык чарбасынын мындан аркы өнүгүшү үчүн Эсенге заманбап жабдуу талап кылынган. Мына ошондо гана ал “Бай-Түшүм жана Партнерлор” компаниясына узак мөөнөттүү микро насыя алуу үчүн кайрылган. Эсен Аламанов алынган акчага балык өстүрүүгө 10 бассейин жана 5 инкубациялык аппараттарды 3500 АКШ долларына сатып алган. Акча каражаты ондон ашуун иш орундарынын түзүлүшүнө жана балык чарбасынын кирешесинин жакшы өсүшүн жөндөгөн.

«Убакыттын өтүшү менен мен өстүргөн балыктардын саны өсүп, сапаты жакшырды-дейт ал. Аймакта балык реализациялоо боюнча азыктын сапаты жана бардык санитардык-экологиялык стандартка ылайык келген өтө ири соода түйүндөрү бар. Ири компаниялардын бири жылына 2-3 тонна балык жеткирүү боюнча мени менен келишим түздү. Мен “Бай-Түшүм жана Портнерлор» компаниясына балыктын ата мекендик өндүрүүчүсүн колдогондугу үчүн ыраазымын. Компаниянын мындан ары өсүп өнүгүшүн каалайм”.