
Мирлан Беримкулов Бишкек шаарында туулган. Ал 41 жашта. 9-классты аяктаган соң, 1985-жылы ал айылдагы кесиптик окуу жайынын Тракторист-механик адистигине тапшырат. Окуу жайды 3 жылдан кийин аяктаган соң, СССРдин Куралдуу күчтөрүнө чакырылат. 1990-жылы кызмат өтөгөндөн кийин Бишкек шаарынын Жаңы-Алыш айылына көчүп кетет. Советтер Союзу кулагандан кийин Бишкекте жумушсуздук болгон. Бул учурда айылдагы колхоздо трактористтер талап кылынган. Алган айлыгы жакшы болгондуктан, ал акча чогултуп Орловка айылынан чакан үй алууга жетишет. Ал жакка келинчегин алып барат.
10 жылдан ашык убакыт Мирлан трактор жана комбайн айдап иштейт. Техниканы өзү карап, өзү оңдоп турган. Жеке айыл чарба машинасын алууга ал акча топтой албай коёт. Мирлан трактордун бөлүктөрүн, башта трактордун каркасын, кийин кыймылдаткычын жана башка деталдарын сатып алууга өтөт. Ошентип акырындык менен эки жыл ичинде анын үй-бүлөсүнүн кыялы орундалып, жолдошу жана балдарынын атасынын колу менен чогулган тракторду талаага чыгыр турган күн келет. 10 жылдан ашык айылдагыларга талаачылык кош айдоо сыяктуу ар кандай кызматтарды көрсөтүп отурат. Бул жолкусун Мирлан “Бай-Түшүм жана Портнерлор” компаниясынан 1 700 АКШ доллары өлчөмүндө үчүнчү насыясын алган. Ал эскирген тракторунун кыймылдаткычын оңдоп жана майын алмаштырып капиталдык оңдоодон откөрүп, жаңы талаа иштерин дайындоосу зарыл.
Мирлан үчүн эң башкы баалуулук – бул анын үй-бүлөсү: жубайы жана мектеп жашындагы балдары. Балдарына ал жакшы билим берүү үчүн Бишкектен окутуп, ошол эле учурда турак-жайынын шартын жакшыртуу максатында ынтымактуу жана бактылуу үй-бүлөсү үчүн чоң үй салууну көздөйт.