Жүзүнөн жылмаю кетпеген, шайыр Жаркынбүбү бала чагынан тартып мал чарбачылык менен алектенет. Жаркынбүбүнүн атасы  чабан болуп иштеген жана кызына үй малын кантип багуу керектигин үйрөткөн. Бала кезинде Жаркынбүбү мугалим болууну, балдарды абдан жакшы көргөндүктөн аларга билим берүүнү  каалаган.  Ошондуктан, мектепти аяктагандан кийин ал Сретенка айылындагы жергиликтүү мектепке  тарбиячы болуп эмгектенүүгө жумушка кирген. Андан кийин ал кийим тигүүнү үйрөнүүнү чечти дагы Бишкек шаарындагы кийим тигүү жана бычуу курсун аяктап, кийим тигүү цехине жумушка кирген.

Компания менен Жаркынбүбү 2009-жылдан тартып бирге иштешет. Азыр Жаркынбүбүнүн 4 уй, 2 бука жана 10 кою жана музоолору бар, үйдүн эшигинин алдында чоң алма бак отургузулган, анын жанында чоң жүгөрү талаасы орун алган.  Ушул чарбанын баарына дайыма көз салып, кам көрүп турууга жолдошу менен 15 жана 9 жашар эки баласы жардам берет. Сүттү Жаркынбүбү сүт цехтерине сатат, жашылча менен алмаларды өстүрөт жана кийин түшүмдү жергиликтүү базарга өткөрөт.

Келечекте Жаркынбүбү чарбасын кеңейтүүнү жана малдын башын көбөйтүүнү пландоодо. Ал үчүн малды багууга чоң сарай куруу, айыл чарба техникасын сатып алуу, канаттууларды көбөйтүү менен алектенүү керек. Жеке турмушунда да көптөгөн пландар бар, ал баласына Бишкек шаарынан батир сатып берүүнү каалайт.

Жаркынбүбү кийим тигүүгө жөндөмдүү болгондуктан, бош убакытта ал курбуларынан, кошуналарынан жана тааныштарынан кийимди оңдоп тигүүгө буйрутма алат. Ошондой эле ал туугандарын ар түрдүү таттуу тамактар менен эркелеткенди жакшы көрөт, ага балдар үчүн майрам уюштуруу, тамак жасоо, жаратылышка сейилдөөгө чыгуу, китеп окуу жана тарыхты изилдөө жагат.