Каныбек Качкынбаев Таласта 12 балалуу чоң үй-бүлөдө туулган. Атасы колхоздо чабан болуп иштеген. Каныбек мал кароого жардам кылчу. Окуусун аяктаган соң Каныбек жарнама агенттигине сүрөтчү болуп ишке орношот. Ал агенттик ресторанды жасалгалоо иштери менен алектене турган. Ошол эле учурда ал тамеки даярдап, аны ишке ашыруу үчүн иштеп акча таба баштайт. Ал каражатына Каныбек бизнесин кой багып өстүрүп сатуу ишин баштамай болот. Каныбек бир канча кой сатып алып, аларды үй-бүлөсү жашап жаткан, курулушу бүтө элек үйдүн бир бөлмөсүнө кармайт. Ал бул иштин өтө кирешелүү, бирок кошумча каражатсыз бизнеси курулбашын түшүнөт. 2007-жылдын июнь айында Каныбек “Бай-Түшүм жана Партнерлор” микрофинансылык компаниясына кайрылган. Андан кийин Каныбек биринчи насыясын алып, койдун санын 150 башка көбөйткөн. Учурда ал “Бай-Түшүм жана Партнерлор” компаниясынын ийгиликтүү кардарларынын бири болуп эсептелет.

Жай мезгилинде Каныбек малын тоолуу Суусамыр өрөөнүнүн жайытына айдап салып, ал эми кышкысын үйүндө кармайт. Бардык үй-бүлө мүчөлөрү: аялы жана төртбаласы ынтымакташып, бирөөсү тоютун даярдаса, экинчиси жем-чөбүн берип, дагы бири короону тазалап, кыскасы мал-жанын жакшы карашат.

Бүгүнкү күндө ал ырахаттануу менен фермасын демонстрация кылып келет. Курулуп бүткөн жайлуу үйү, кой кармоого ыңгайлуу жери, ири мүйүздүү малдын жем-чөбү үчүн өзүнчө сарай жана тоют кармоо үчүн сере салынып, чынында Каныбек сыймыктангыдай эле. “Мен акырындык менен кезектеги үй-бүлөлүк эс алууну, балдарымдын борбордон мыкты окууда окушун жана жалпысынан айтканда, үй-бүлөм үчүн жетиштүүжакшы жашоону пландоодомун,-дейт оптимист Каныбек.