
Кардуу тоонун кучагында Кыргызстандын легендарлуу баатырлары-Алымбек Датка менен Алай ханышасы Курманжан Датканын кичи мекени болгон Жошолу айылы жайгашкан. Жогору карай умтулган карагай жана арчалар Жошолу айылын курчап турушат. Ал айыл аркылуу таза, тунук суу агып өтөт. Жошолу айылынын жашоочулары атам замандан бери мал чарбачылык жана дыйканчылык менен күн кечирип келишкен. Биздин Компаниянын туруктуу зайымчысы– Мырзаматов Каныбек ошол айылда туулуп-өскөн. Ал эң жакшы атажана мыкты фермер. К.Мырзаматов келечекте Кыргызстандын атак-даңкын чыгара турган асыл тукум күлүктөрдү бөлүштүрүү боюнча өзгөчө иш менен алектенет.
«2008-жылы алган биринчи насыяга мен эки асыл тукум бээ алдым. Алар азыркы учурда да чарбада жүрөт. Мен дайыма жубайыма ал бээлер чынында “Бай-Түшүмдүкү” экенин айтып келем. Тагыраак айтканда, бээлер бизге көп сүт беришет, ал эми “бай түшүм” сөзүнүн орусчага котормосунун өзү эле “мол түшүмдүү” дегенди түшүндүрөт эмеспи деп жылмаят зайымчы.
«Экинчи алган насыяга мен асыл тукум “Жаңы кыргыз” тегиндеги айгыр сатып алды. Биздин улутка таандык спорттук ат оюндары маанилүү орунду ээлеп келет. Ага тектүү күлүктөр зарыл болот. Бирок күлүктөр баасында өсүшү үчүн иш муну менен бүтүп калбайт. Алар өздөрүн ат чабыштарда көрсөтүшү керек. Эгер күлүк өзүн жакшы көрсөтө алса, анда анын баасы дагы бир канчага жогорулайт. Мен күнүгө аларды карап, жеке өзүм машыктырам”,-деп Каныбек сыймыктануу менен жооп берди.
«Күлүктөрдү жакшы баада сатып, мен ал акча каражатын чарбамдын кеңейишине жумшайм. Эмне кылабыз, жөн жерден бир нерсе келе бербейт экен. Анын үстүнө рынок мезгили ошону талап кылууда. Элибизде: “Аракет кылсаң берекет”-деп коюшат эмеспи. Акыркы күндөрдө эки күлүктү машыктырап жатам. Көз тийбесин, мен алар менен сыймыктанам!»