Дордой Экспресс
“Бай Тушум” банкы юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге пайдалуу насыялоо шарттарын сунуштайт. Насыя бизнесиңизди өнүктүрүүгө, товар ассортиментиңизди кеңейтүүгө, жабдууларды жаңылоого жана финансылык милдеттенмелерди өз убагында аткарууга жардам берет.
Талаптар:
-
Юридикалык жак же жеке ишкер
-
Бизнес ээсинин жаш курагы: 21 жаштан 70 жашка чейин
-
Ишкерлик тажрыйбасы – 6 айдан кем эмес
Насыя суммасы:
-
Минималдуу сумма – 500 000 сом
-
Максималдуу сумма – 5 000 000 сом
Насыя мөөнөтү: 36 айга чейин
Пайыздык чен: сом менен жылына 20% баштап
Төлөм графиги: аннуитет
Керектүү документтер:
-
Насыя алуучунун паспорту жана жубайынын паспорту (эгер бар болсо)
-
Насыя алуучунун жубайынын макулдугу
-
Кепил берүүчүнүн паспорту жана жубайынын паспорту
-
Насыя алуучунун үй-бүлөлүк абалы боюнча документтер (жана кепил берүүчү болсо, анын да документтери)
-
Жеке ишкерди каттоо тууралуу күбөлүк же патент (акыркы 6 ай ичинде үзгүлтүксүз). Же ишкерлик жүргүзүүнү тастыктаган башка документ
-
Жеке ишкердин салык жана социалдык төлөмдөр боюнча карызы жоктугу тууралуу маалымкат
-
Бизнес боюнча алгачкы документтердин көчүрмөлөрү
-
Насыя берүү чечимин кабыл алуу үчүн керектүү башка документтер