«Топтоочу» депозити: бизнестин аң-сезимдүү тандоос

Юридикалык жактар үчүн депозит – бизнес үчүн абдан эле зарыл банк продукту. Сөзсүз түрдө!

Эгерде Сиз кандайдыр бир бизнеске ээ болсоңуз жана өз кирешеңизди аң-сезимдүү жайгаштырууну кааласаңыз, атайын Сиз үчүн «Бай Тушум» банкы абдан пайдалуу чендери менен юридикалык жактар үчүн депозитти иштеп чыкты. Бул «Топтоочу» аманаты, аны ачуу үчүн минималдуу 50 миң сом же болбосо 1000 доллар суммасы гана керек.

Биздин «Топтоочу» аманатыбызды ай сайын – кандайдыр бир чектөөлөрсүз, депозитти жабуунун алдындагы акыркы 60 күндөн башка учурларда толуктоого мүмкүн болот. Аманаттын суммасынын жогорулоосу менен, Сиздин киреше дагы өсөт – демек, Сиздин потенциалдуу капиталыңыз дагы жакшырат, ал инвестицияларга абдан позитивдүү таасир көрсөтөт, мисалы.

Аманаттан алынуучу пайыздарды ошондой эле ай сайын алууга болот. Демек, чыгашалардын кошумча беренелерин пландаштыруу жана, күтүүсүз зарылдык болгон учурда Сизде ыкчам чыгашаларга карата кошумча сумма боло тургандыгына ишеним болушу жеңил.

Андан дагы, эгерде Сиз, депозитке интернет банкингди туташтыра турган болсоңуз, бул Сизге пайыздарды чегерүүнү контролдоого жана Сиздин акча каражаттарыңыздын сакталып турушуна көз салууга гана мүмкүндүк бербестен, депозиттерди толуктоого, валюта алмаштырууга жана башка көптөгөн нерселерге шарт түзөт.

Банкта жайгаштырылган юридикалык жактар үчүн депозит – кырдаалдагы дагы бир, качан бизнеске келечек максаттар үчүн кайсы бир сумманы топтоо, жөн гана акчалар текке «агып кетпеши» үчүн дагы пайдалуу аспап.

Мөөнөтү жана жылдык пайыздык чен:

 

Валютасы 1  ай 3 ай 6 ай 9 ай 12 ай 18 ай
KGS 3% 5% 7% 12%
USD 3%
EUR

 

Депозиттин шарттары:

– аманатты ачуу үчүн минималдуу сумма: 50 000 сом, 1 000 доллар;

– толуктоонун минималдуу суммасы: 1 000 сом, 20 доллар;

– чектөөлөрсүз толуктоо мүмкүндүгү, аманаттын мөөнөтү аяктоосуна чейинки 60 күндү чыгарып салуу менен;

– пайыздарын ай сайын төлөө;

– ыңгайлуу мөөнөттөр жана пайдалуу пайыздык чендер.

 

Кененирээк кеңеш алууну каалайсызбы? Биздин контакт-борборубузга 905 805 тел. боюнча чалыңыз же төмөндөгү депозиттик калькуляторду пайдаланыңыз.

Биздин калькуляторубуз Сизге депозиттен мүмкүн болуучу пайданы, салына турган суммасына жана мөөнөтүнө жараша эсептөөгө бул жактан жардам берет.

2 миллион сомдон жогорку суммадагы депозиттер боюнча пайыздык чендер банк тарабынан жекече аныкталышы мүмкүн.

 

Депозитти ачуу учурунда эмнени билүү зарыл?