SENDY

Sendy — Россиядан Кыргызстанга тез акча которуулар
Sendy — Россияда түзүлгөн жана 2014-жылдын 30-сентябрында Россия Федерациясынын Борбордук банкында катталган эл аралык төлөм системасы.
Sendy аркылуу Россиядан «Бай-Түшүм» Банкынын кардарларына акча каражаттарын тез жана коопсуз жөнөтө аласыз.
Sendy мүмкүнчүлүктөрү:
- Телефон номери аркылуу акча которуу
- Карта номери аркылуу акча которуу
- Акча которууну «Бай-Түшүм» Банкынын каалаган бөлүмүнөн алуу
- Которулган каражатты алуучунун эсебине түз чегерүү
- Акча которууну кыргыз сому менен алуу
- Банктын бөлүмдөрүнөн орус рубли менен алуу
- Акча которуу үчүн комиссияны жөнөтүүчү төлөйт
- Которуунун минималдуу суммасы — 100 рубль
Sendy тиркемеси аркылуу акча которуу тартиби:
- Башкы менюдан «Которуу жасоо» → «Кыргызстан» бөлүмүн тандаңыз
- «Телефон номери аркылуу которуу» кызматын тандаңыз
- Которуунун суммасын киргизиңиз
- Алуучунун телефон номерин көрсөтүңүз
- «Бай-Түшүм» Банкын тандаңыз
- Маалыматтарды текшерип, которууну ырастаңыз
Sendy тиркемеси аркылуу которуулардын артыкчылыктары:
✓ Телефон номери аркылуу которуу — эсеп реквизиттерин көрсөтүүнүн кереги жок
✓ Каражат алуучунун эсебине тез чегерилет
✓ Которулган каражатты кыргыз сому менен алуу мүмкүнчүлүгү
✓ BTB тиркемеси аркылуу банк бөлүмүнө барбастан колдонуу мүмкүнчүлүгү
✓ Ыңгайлуу, тез жана коопсуз
Акча которууну кантип алса болот?
Телефон номери аркылуу которулган каражат «Бай-Түшүм» Банкындагы алуучунун эсебине кыргыз сому менен автоматтык түрдө чегерилет жана BTB тиркемеси аркылуу банк бөлүмүнө барбастан жеткиликтүү болот.
Накталай алуу үчүн алуучу паспорт жана жөнөтүүчүдөн алынган которуу коду менен «Бай-Түшүм» Банкынын каалаган бөлүмүнө кайрылуусу зарыл.
Акча которуулар боюнча лимиттер:
- Күнүнө — 300 000 рублга чейин
- Айына — 600 000 рублга чейин
Россиядан Кыргызстандагы жакындарыңызга акчаны Sendy жана «Бай-Түшүм» Банкы менен оңой жана коопсуз жөнөтүңүз.

