KWIKPAY

KWIKPAY — Бай-Тушум Банкы аркылуу акча каражаттарын жөнөтүүгө жана алууга мүмкүндүк берген эл аралык акча которуу системасы.

Которууларды алуу багыттары:
Россия, Армения, Өзбекстан жана Казакстан.

Валютасы:
Орус рубли.

Которууну алуу

KWIKPAY аркылуу жөнөтүлгөн акча которууну Бай-Тушум Банкынын каалаган бөлүмүнөн накталай алууга болот.

Которууну алуу үчүн:

  • өздүгүн тастыктаган документти көрсөтүү;
  • акча которуунун кодун берүү;
  • которуунун суммасын көрсөтүү зарыл.

Алуучудан комиссия алынбайт.

Которууну жөнөтүү

KWIKPAY аркылуу акча которууну Бай-Тушум Банкынын каалаган бөлүмүнөн жөнөтүүгө болот.

Которууну жөнөтүү үчүн төмөнкү маалыматтарды берүү зарыл:

  • алуучу өлкө жана шаар;
  • алуучунун аты-жөнү;
  • которуунун суммасы.

Которуу таризделгенден кийин жөнөтүүчү которуунун суммасын жана жөнөтүү үчүн комиссияны кассага төлөйт. Жөнөтүүчү которуунун номерин алып, аны которуунун суммасы менен бирге алуучуга билдирет.