Билим алуу насыясы

Жеке насыялар ЖОЖдордо, колледждерде, менчик мектептерде жана лицейлерде билим алуу үчүн контракттарды төлөөгө багытталган. Акчаны билим берүү мекемесинин учурдагы эсебине которуу жолу менен берилет. Кардардын жашаган/окуган/иштеген жерине Банк адистеринин барып келиши талап кылынбайт. Студенттин/окуучунун ата-энесинин/камкорчусунун бири менен сүрөткө түшүп, KIVA веб-сайтына маалыма берүү үчүн дооматтардан баш тартуу жөнүндөгү формага кол коюу милдеттүү шарт болуп саналат.

KIVA линиясы боюнча насыяларды берүү шарттары:

  • Валюта: сом;
  • Сумма: 10 000 сомдон 250 000 сомго чейин
  • Пайыздык чени: 20%
  • Насыянын мөөнөтү: 24 айдан 72 айга чейин
  • Комиссия: жок

Төлөө графиги:

  • Жеке график (насыянын негизги карызын төлөөгө 2 жылга чейинки жеңилдетүү берилет)
  • Аннуитет

 Насыя алуучуга коюлган талаптар:

  • Талапкердин жашы – 18 жаштан 65 жашка чейин
  • Насыялык тарыхы “орточо” дон төмөн эмес
  • Талапкер катары ата-энеси, жакын туугандары же камкорчусу болушу мүмкүн
  • Эгерде тастыкталган туруктуу кирешеси бар болсо, студент талапкер боло алат

Негизги документтердин тизмеси:

  • Насыя алуучунун жана жубайынын, кепилдердин, күрөө берүүчүнүн жана жубайынын паспортторунун көчүрмөсү (эгер күрөө берүүчү үчүнчү жак болсо)
  • Кол коюлган окуу келишими
  • Насыя алуучунун, кепилдин (жана үчүнчү жак болсо, күрөө берүүчүнүн) үй-бүлөлүк абалы жөнүндө документтер
  • Арыз ээсинин, кепилдин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелерин кыйыр түрдө же түздөн-түз тастыктаган документтер (кассалык жүгүртмө, ички бухгалтердик эсеп, эмгек акы жөнүндө маалымкат, пенсиялык китепченин көчүрмөсү ж.б.).
  • Күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлккө документтер (каттоо күбөлүгү, укук белгилөөчү документтер, Мамреестрден тыюу салынбагандыгы жөнүндө маалымкат)
  • Насыя боюнча чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон башка документтер.

Насыянын кошумча шарттары:

  • Насыяга алуу арызында окууну аяктоо үчүн талап кылынган сумманын бардыгы көрсөтүлүшү керек
  • Толук окуу мезгилине төлөнгөн бардык суммалар KIVA сайтына жайгаштырылат
  • Ар-бир транш, окуу жайдын окуусун улантуу жөнүндө тастыктама берилгенден кийин берилет

Жеке жактар үчүн насыя продуктуларынын пайыздык чендери, тарифтери, жана комиссиялары

Эффективдүү пайыздык чен*: сом менен 21.99% дан