«Эксклюзив» аманаты

«Эксклюзив» депозити: пландаштырыңыз, топтоштуруңуз, коротуңуз

Аманаттарды ким кармайт? Сөзсүз,  акчанын баркын билген, алардын жаздык алдында таңылып жатпастан, иштеши керектигин түшүнгөн адамдар кармашат. Жаздык алдында бул акчалар «күйүп кетет»: инфляцияда же шопоголизм каптап келген учурунда. Ошондуктан тажрыйбалуу жана алысты көрө билгендер өз акчаларын банкка алып жөнөшөт – келечектеги олуттуу чыгымдарга карата кайсы бир сумманы топтоп алуу үчүн.

Бирок кандай аманаттарды тандоо керек? Банктар депозиттердин жеткиликтүү стандарттык топтомун сунушташат. Бирок «Бай Түшүм» банкында өзгөчө аманат бар – «Эксклюзив». Анын артыкчылыктары – көзгө урунуп турат: ачуу үчүн 5 миң сом (же 100 доллар) жетиштүү, аларды андан кийин мөөнөтү аяктаганга чейин эле чектелбеген санда көп ирет толуктоого мүмкүн болот (каржыларды кабыл алуу «чейинден» 90 күн мурун токтотулат). Албетте, жашоо – татаал нерсе да, Сизге шашылыш түрдө кайсы бир маанилүү нерсеге төлөө үчүн депозиттен (же алардын бир бөлүгүнөн) акча алуу талап кылынышы ыктымал. Жана мындай кырдаал башка банкта, кийинчерээк Сизден аманат боюнча мурда чегерилген пайыздардын бардыгын алып салууга алып келиши мүмкүн болчу. Же болбосо Сизге аны жасоого уруксат беришмек эмес. Бирок «Бай Түшүмдө» Сиз аманаттын жарымына чейин жай гана чыгарып ала аласыз, төмөндөтүлбөй турган калдыктан башкасынан. Ошондой эле, эгерде мөөнөт аяктаганга чейин 90 күндөн аз эмес мөөнөт калган болсо. Мында пайыздык чен таптакыр өзгөрүлбөйт: бардык калган сумма келишимде алгач жазылган ченге шайкеш өсүп турат жана мурда чегерилген пайыздар жоготулбайт.

Анан дагы, эгерде Сиз, депозитке ВТВ-24 мобилдик банкингди туташтыра турган болсоңуз, бул Сизге пайыздарды чегерүүнү контролдоого жана Сиздин акча каражаттарыңыздын сакталып турушуна көз салууга гана мүмкүндүк бербестен, депозиттерди толуктоого, валюта алмаштырууга жана башка көптөгөн нерселерге шарт түзөт (ВТВ-24 кызматы жөнүндө бул жерден окууга болот.)

Өз чыгашаларыңызды пландаштырыңыз, акчаны пайдасы менен топтоңуз!

Аманаттын шарттары:

– аманатты ачуу үчүн минималдуу сумма: 5000 сом; 100 доллар;

– толтуруунун/чыгарып алуунун минималдуу суммасы: 1000 сом; 50 доллар;

– толтуруунун максималдуу суммасы: чектөөлөрсүз, аманаттын аяктоосуна чейинки 90 күндөн башка учурларда;

– пайыздарды төлөө мөөнөттүн аягында;

– төмөндөтүлбөй турган калдык: 5000 сом; 100 доллар;

– жарым-жартылай чыгарып алуу мүмкүндүгү: төмөндөтүлбөй турган калдыкты алып салуу менен аманаттын суммасынан 50% ашык эмес, аманаттын аяктоосуна чейинки 90 күндөн башка учурларда;

– автоматтык түрдө узартуу.

Мөөнөтү жана жылдык пайыздык чени:

Валютасы 6 ай 9 ай 12 ай 18 ай жана андан жогору
KGS5 4,5% 5,5% 7%
USD 0,5%  1%

 

Кененирээк кеңеш алууну каалайсызбы? Биздин контакт-борборубузга 905 805 тел. Боюнча чалыңыз же төмөндөгү депозиттик калькуляторду пайдаланыңыз.

Биздин калькуляторубуз Сизге депозиттен мүмкүн болуучу пайданы, салына турган суммасына жана мөөнөтүнө жараша эсептөөгө бул жактан жардам берет.

Депозитти ачуу учурунда эмнени билүү зарыл?

1 000 000 (бир миллион) сомдон ашык суммадагы депозиттер боюнча пайыздык чендер банк тарабынан жекече аныкталышы мүмкүн.