Шылуундардан сак болгула!

Урматтуу кардарлар,

Сизге алдамчылык тууралуу эскертебиз!

Абайлаңыз жана этият болуңуз, шылуундар банктык тиркемелердин фишингдик (фейк) шилтемелерин колдонушат.

❗️ Сактык чаралары:
▶ шектүү шилтемелерге кирбеңиз
▶ ВТВ24 тиркемин өзүнөн башка BTB 24 мобилдик банкинге логиниңизди жана паролуңузду киргизбеңиз
▶ сырсөздөрдү жана SMSтин жашыруун коддорун, картанын артындагы CVV кодун же код сөзүн эч кимге бербеңиз. Банк картасынын сүрөтүн эч кимге жөнөтпөңүз!

‼️ Эскерте кетсек:
▶ BTB 24 мобилдик банкинг же «Бай Түшүм» банкы которуулар үчүн шилтемелерди пайда кылбайт
▶ BTB 24 мобилдик банкингдеги бардык транзакциялар банктын расмий тиркемесинде гана ишке ашырылат
▶ банктан SMS дайыма бир эле номерден келет
▶ банк эч качан картанын реквизиттерин, сырсөздөрдү, пин коддорду, CVV же башка маалыматтарды сурабайт

Сиз ар дайым Банкка төмөнкү телефондор боюнча чалып, расмий жана ишенимдүү маалыматты өзүңүз текшере аласыз:
+996 312 905 805⁣
+996 554 905 805⁣
+996 770 905 805⁣
+996 701 905 805⁣

Шылуундар сиздерди алдап кетпөөсү үчүн бул маалыматты жакындарыңызга да бөлүшө кетиңиз!