Бай Түшүм Банктын Жалал-Абад филиалы Жалал-Абад облусунун Манас шаарында өткөн «Манас Экспо – 2025» эл аралык форумуна катышты.
10.11.2025
📆Иш-чара аймактын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн, экспорттук потенциалын жана жаңы бизнес демилгелерин талкуулоо максатында ишкерлерди, мамлекеттик органдардын жана каржы уюмдарынын өкүлдөрүн бириктирди.
💼Форумдун жүрүшүндө Бай Түшүм Банктын кызматкерлери конокторго жана катышуучуларга каржылык операцияларды жана бизнес процесстерин жеңилдеткен банктык продуктылар жана кызматтар тууралуу маалымат беришти.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана аймактык инвестициялык кеңеш БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен уюштурду.

