BaiPay карталары боюнча акциянын аякташы

26.10.2026

«Бай Түшүм» Банкы BaiPay карталары боюнча акциянын аяктаганын маалымдайт. Акциянын алкагында кардарлар Кытайдын маркетплейстеринен сатып алууларды жүргүзүүдө 5% кешбэк алып, онлайн-сооданы дагы жагымдуу жана пайдалуу кыла алышты.

BaiPay картасын тандап, акцияга катышкан ар бир кардарыбызга ыраазычылык билдиребиз! Сарпталган каражаттын бир бөлүгүн кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү сиздердин сатып алууларыңызды дагы жагымдуу кылып, күнүмдүк чыгымдарыңызды үнөмдүү пайдаланууга жардам берди деп ишенебиз.

«Бай Түшүм» Банкы кардарларыбыз накталай эмес төлөмдөрдү ыңгайлуу жүргүзүп, күнүмдүк сатып алууларынан көбүрөөк пайда ала алышы үчүн санариптик финансылык чечимдерди өнүктүрүүнү улантууда.

Алдыда сиздерди жаңы мүмкүнчүлүктөр жана атайын сунуштар күтөт! BaiPay менен байланышкан актуалдуу акциялар жана жаңы артыкчылыктар тууралуу биринчилерден болуп билүү үчүн «Бай Түшүм» Банкынын расмий веб-сайтына жана социалдык тармактардагы баракчаларына көз салып туруңуздар.

BaiPay картасын тандап, биз менен бирге сатып алууларды жүргүзгөнүңүздөр үчүн рахмат!