«Бай-Түшүм» Банкынын офистери мындан ары кардарларга ишемби күндөрү да кызмат көрсөтөт

30.05.2014

Урматтуу кардарлар! Сиздерге жагымдуу жаңылыкты билдирүүгө ашыгып турабыз: Банктын Бишкек шаары боюнча жайгашкан төмөнкү офистери кардарларга ишемби күндөрү да кызмат көрсөтүшөт:

  • Пр. Чүй, 104, тел.: (312)310737
  • №050-01-37 сактык кассасы, Аламүдүн базары, «Табылга», соода комплекси, B 28 бутик, тел.: +996 (312) 31-07-32, (312) 36 36 18
  • №050-01-41 сактык кассасы, .Кожевенная көч.1, «Дордой» базары, тел.: (312) 31 07 34,907031
  • №050-01-43 сактык кассасы, Ош базары, «Берекет-Гранд» соода борбору, пр. Чүй, 204, тел.: (312) 47 94 45, 65 16 40, 31 07 35

Ишемби күндөрүндөгү иштөө тартиби: саат 09:00дөн баштап 13:00гө чейин, тыныгуусуз иштешет.

Ишемби күндөрү Банк көрсөтүүчү тейлөөлөрдүн тизмеси:

  • Акча которуулардын тармагы боюнча акча каражаттарын жөнөтүү жана берүү;
  • Пластикалык карталарда жайгаштырылган акча каражаттарын Банктын POS-терминалдары аркылуу накталай акчага которуу;
  • Мөөнөттүү депозиттерди, жеке жана юридикалык жактар үчүн талап боюнча алынуучу депозиттерди ачуу;
  • Кардарлардын мөөнөттүү жана башка счетторун толтуруу;
  • Накталай чет элдик валюталарды сатуу жана сатып алуу боюнча операцияларды жүргүзүү (акча алмаштыруу);
  • Насыялар боюнча төлөөлөрдү кабыл алуу;
  • Банктык башка да тейлөөлөр боюнча кеп-кеңештерди алуу.