«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы эсеп ачпастан Western Union акча которуулар системасын ишке киргизди

05.09.2013

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы Western Union системасына туташуу менен эсеп ачпастан акча которуулар боюнча өзүнүн кардарлары үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти.

Western Union системасынын жардамы менен дүйнө жүзүндөгү 200 өлкөдөгү, Western Unionдун 140 миңден ашык пункттарында акча которууларды жөнөтүүгө жана алууга болот. Ар бир акча которуу коопсуздуктун заманбап системасы менен корголгон, ал эми жаңы электрондук технологиялар жана глобалдуу маалыматтык тору, алар жөнөтүлгөндөн кийин болгону бир нече минутадан кийин эле которулган акчаларды төлөп берүүгө мүмкүндүк берет.

Которуулар үч валютада: АКШ долларында, кыргыз сомунда жана россиянын рублинде жүргүзүлөт.

Акча которуу үчүн акы-төлөмдүн өлчөмү Western Unionдун тарифтерине ылайык жөнөтүүчүдөн кармалат жана жөнөтүлө турган сумманын өлчөмүнө жана которуу багытталган өлкөгө жараша болот. Бардык тарифтер менен сиз ушул шилтеме боюнча таанышсаңыз болот.

Маалымат үчүн:

Western Union- бул акча которуулардын эл аралык системасы, ал 1871-жылдан бери иштейт жана которууларды бүткүл дүйнө жүзү боюнча жүргүзөт. Ушул тармакта таанылган лидер, система дүйнө жүзүнүн 200 өлкөсүндө иштейт жана 370 000 ашык пункттарда, анын ичинде Россияда, КМШ өлкөлөрүндө жана Балтияда кардарларды тейлейт. Western Union ошол эле учурда акча каражаттардын сакталуусуна 100 пайыз кепилдик берүү менен жыл сайын ондогон, миллиондогон акча которууларды жүргүзөт.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы жөнүндө

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы ACDI/VOCA өнүгүүсүнүн америка эл аралык уюму тарабынан 2000-жылы түзүлгөн. 2012-жылдын 13-ноябрында «Бай-Түшүм жана Партнерлор», Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын толук банктык лицензиясын алган, Борбордук Азиядагы биринчи микрофинансылык уюм болуп калды. 13 жылдан бери иштеген уюм, 122 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү жалпы активдери менен болгон Кыргыз Республикасындагы өтө ири микрофинансылык институттардын бири болуп калды. Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансылык банкы, 30 миңден ашык кардарлады тейлөө менен Кыргыз Республикасындагы алты эң ири банктардын арасына кирет.