Көңүл буруңуз! Алдамчылык фактылары көбөйүүдө

05.09.2025

Урматтуу кардарлар,

Акыркы убакта алдамчылык учурларынын саны көбөйүүдө: айрым жарандар өздөрүн укук коргоо, салык жана башка мамлекеттик органдардын кызматкери катары көрсөтүп, массалык түрдө билдирүүлөрдү жөнөтүшүүдө. Алар айып пулдарды же карыздарды (мисалы, кыймылсыз мүлккө салыктар боюнча карыз, тыюу салынган контентти көрүү ж.б.) төлөп берүүнү талап кылып, акчаны банк карталарына которууну суранышат.

Сиздерден өтүнүч – сак болуңуздар жана мындай талаптар боюнча эч качан акча которбоңуздар.

Урматтоо менен,
«Бай Тушум» Банкы