Көңүл бургула! Алдамчылык фактылары көбөйдү.

23.04.2024

Урматтуу кардарлар,

Телефондон алдамчылык фактыларынын көбөйүп жатканын маалымдайбыз. Сизден этият болушуңузду жана эч кандай шартта картаңыздын маалыматын (картанын номери, картанын жарактуулук мөөнөтү жана CVV коду) бейтааныш адамдарга бербөөнү, ошондой эле Интернеттеги белгисиз сайттарга жеке маалыматыңызды киргизбөөнү суранабыз.

Сизге эскертебиз:
▶ мобилдик банкинг “BTB 24” же Бай Түшүм банкы акча которуулар үчүн шилтемелерди жаратпайт
▶ “BTB 24” мобилдик банкингдеги бардык операциялар банктын расмий тиркемесинде гана ишке ашырылат
▶ Банктан SMS дайыма бир эле номерден келет
▶ Банк жана банк кызматкерлери эч качан карта маалыматтарын, сыр сөздөрдү, PIN коддорду, CVV же башка маалыматтарды сурабайт жана талап кылбайт

Суроолоруңуз болсо, биздин байланыш борборубузга кайрылсаңыз болот:

📞 (312/701/770/554/) 905 805
📲 (0554) 905 805 (WhatsApp)

Ошондой эле Банк тууралуу бардык актуалдуу жана ишенимдүү маалыматты биздин baitushum.kg сайтынан жана социалдык тармактардагы расмий аккаунттардан таба аларыңызды эскертебиз.бөөнү