Көңүл буруңуз! Сак болуңуз
11.09.2025
Урматтуу кардарлар,
Каржы операцияларыңыздын коопсуздугун камсыздоо максатында төмөнкү сунуштарды сактоону суранабыз:
-
SMS, электрондук почта же мессенджерлер аркылуу келген шектүү жана тааныш эмес шилтемелерге өтпөңүз.
-
Эгер операцияны өзүңүз баштабасаңыз, SMS билдирүүлөрдөн келген ырастоо коддорун киргизбеңиз.
Банк кызматкерлери эч качан сырсөздөрдү жана ырастоо коддорун сурабайт.
Шектүү шилтемелерди, шектүү чалууларды тапсаңыз, карта маалыматтарын киргизбеңиз, эч кандай маалымат бербеңиз жана банкка расмий байланыш каналдары аркылуу кайрылыңыз.
Байланыш борбору: 8899 (чалуулар акысыз)