«Visa Business: Төлө да, жеңип ал!»: акциянын экинчи этабынын жеңүүчүсү аныкталды
20.07.2026
Бай Түшүм Банкынын Visa Business карталарынын ээлери арасында Кыргызстан боюнча өтүп жаткан «Visa Business: Төлө да, жеңип ал» акциясынын экинчи этабынын жыйынтыгы чыгарылды.
Акциянын 2026-жылдын 11-июнунан 10-июлуна чейин өткөрүлгөн экинчи этабынын жыйынтыгында ЖИ Айткулов Абай Сатымбекович Visa Business картасы аркылуу эң көп көлөмдө накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүп, жеңүүчү аталды. Байге катары ага iPhone 17 Pro тапшырылат.
Жеңүүчүбүздү куттуктайбыз жана акцияга активдүү катышкан бардык кардарларыбызга ыраазычылык билдиребиз!
Акция уланууда. Алдыда дагы бир этап бар, анын жыйынтыгында дагы бир iPhone 17 Pro ойнотулат.
Ал эми акциянын башкы байгеси — эки адамга Мальдив аралдарына саякат — акциянын бүткүл мөөнөтү ичинде Visa Business картасы менен эң көп көлөмдө сатып алууларды жүргүзгөн катышуучуга ыйгарылат.
Акцияга катышуу үчүн төмөнкү шарттарды аткаруу жетиштүү:
- Бай Түшүм Банкынын Visa Business картасы менен төлөм жүргүзүү;
- бир жолку төлөмдүн суммасы 500 сомдон кем болбоого тийиш;
- накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүп, утуп алуу мүмкүнчүлүгүңүздү жогорулатуу.
Visa Business картасы менен төлөм жүргүзүп, баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

