Бай Түшүм Банкта алыстан идентификация — үйдөн чыкпай эле кардар болуңуз

05.02.2026

Мобилдик BTB банкингинде эми алыстан идентификациядан өтүү жеткиликтүү. Бул банк кызматтарын колдонууга жасалган алгачкы кадамды мүмкүн болушунча жөнөкөй, тез жана ыңгайлуу кылат.

Болгону смартфон жана бир нече мүнөт бош убакыт керек. Процесстин бардыгы мобилдик колдонмонун ичинде жүргүзүлөт. Колдонуучу өзүнүн инсандыгын тастыктагандан кийин, ага банктык карта жана мобилдик банкингдин толук мүмкүнчүлүктөрү жеткиликтүү болот: каржыны башкаруу, которуулар, төлөмдөр жана BTBнин башка кызматтары.

Алыстан идентификациядан кантип өтүүгө болот:
• BTB колдонмосун жүктөп алыңыз;
• тейлөө шарттары менен таанышып, телефон номериңиз аркылуу катталыңыз;
• ишенимдүү сырсөз ойлоп таап, PIN-код түзүңүз;
• паспортту эки бетинен сүрөткө тартыңыз;
• экрандагы көрсөтмөлөрдү аткарып, видео-идентификациядан өтүңүз (баш кийимди жана көз айнекти чечиңиз, жарык жана ачык фон тандаңыз), паспорт менен селфи жасаңыз;
• киргизилген маалыматтарды текшерип, тастыктаңыз.

Даяр — эми бардык банк кызматтары сиздин колуңузда.

Алыстан идентификация — бул жөн гана ыңгайлуулук эмес, кардар банк менен кантип иштешүүнү өзү тандай алган заманбап банкингге жасалган кадам.

Бай Түшүм Банк заманбап санариптик чечимдерди киргизүүнү улантып, банк кызматтарын ар бир кардар үчүн жеткиликтүү, ыкчам жана ыңгайлуу кылууда.