«МПЦ» ЖАК тарабынан техникалык иштер

29.12.2025

«Бай Тушум Банк» маалымдайт: 2025-жылдын 31-декабрынан 2026-жылдын 12-январына чейин
«МПЦ» ЖАК тарабынан ELQR негизги операторунун системаларын оптималдаштыруу боюнча пландуу техникалык иштер жүргүзүлөт.

Бул иш-чаралар алдыдагы эс алуу жана майрам күндөрүнө даярдык көрүү максатында жүргүзүлүп, кызматтардын күтүлүп жаткан жогорку жүктөмгө туруктуулугун жана даярдыгын жогорулатууга, ошондой эле массалык колдонуу мезгилинде алардын туруктуу жана ишенимдүү иштешин камсыздоого багытталган.

Көрсөтүлгөн мезгилде айрым сервистердин ишинде убактылуу чектөөлөр болушу мүмкүн.

«Бай Тушум Банк» мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана кардарларына түшүнүү менен кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.