Процессинг борборунда пландуу техникалык иштер
18.12.2025
Урматтуу кардарлар!
2025-жылдын 18-декабрында саат 11:00дөн 12:00гө чейин процессинг борборунун тараптан банктык карталар боюнча операциялардын туруктуулугун жана коопсуздугун жогорулатууга багытталган пландуу техникалык иштер жүргүзүлөт.
Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында айрым карта операцияларын, анын ичинде интернет аркылуу төлөмдөрдү жана сатып алууларды жүргүзүүдө кыска мөөнөттүү үзгүлтүктөр болушу мүмкүн. Банкоматтарда жана POS-терминалдарда жүргүзүлгөн операциялар штаттык режимде иштей берет.
Банктын калган бардык сервистери кадимки режимде иштейт. Каржылык операцияларыңызды алдын ала пландап коюуңузду суранабыз.
Урматтоо менен,
«Бай-Тушум» Банкы

