“Бай Түшүм Пайдалуу” депозити боюнча пайыздык чендерди жогорулатуу
04.12.2025
«Бай Түшүм» Банкы каражаттарды пайдалуу жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, «Бай Түшүм Пайдалуу» депозити боюнча улуттук валютада пайыздык чендер жогорулаганын маалымдайт.
2025-жылдын 4-декабрынан тарта төмөнкү жаңы шарттар күчүнө кирет:
-
18, 24 жана 36 айга — жылдык 14,5% пайыздык чен
-
12 айга — жылдык 14,0% пайыздык чен
Мындан тышкары, кардарлар үчүн атайын акция жарактуу:
500 000 сомдон баштап 12 айдан жогору мөөнөттөргө депозит ачканда, банк кошумча +1% бонус берет.
Жаңыртылган шарттар кардарларга жогорку киреше алуу мүмкүнчүлүгүн берип, ошол эле учурда ишенимдүүлүк жана ыңгайлуу шарттарды сактап калат. Депозитти банктын бардык бөлүмдөрүнөн ачууга болот.
Жаңы пайдалуу шарттарды колдонуп, үнөмдөрүңүздү дагы да кирешелүү кылыңыз!

