Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте биз экономикалык адистикке окуп жатышкан студенттер үчүн конкурс-эссе жарыялайбыз

09.11.2017

Эгерде сиз 3-5- курстарда окуп жаткан болсоңуз  жана экономика, азык-түлүк коопсуздугу  жана финансылык сабаттуулук  багытындагы актуалдуу маселелер  боюнча өз көз карашыңыз болсо, анда  бул конкурс Сиз үчүн! 

Эң мыкты жазылган 10 эссенин авторлору Samsung Galaxy Tab E планшеттерине ээ болушат.

Эссени 23- ноябрга чейин   baitushum@baitushum.kg  почтасы аркылуу жөнөтүү керек.

Сиздер эссе үчүн төмөндөгү темалардын бирин тандап алсаңыздар болот:

  • Азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу – Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүнүн негизи катары.
  • Сактоолук – финансылык жеке коопсуздуктун фактору катары.
  • Финансылык сабатсыздык – өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө тескери таасир берүүчү фактору катары.
  • Жаштарды жана балдарды финансылык жактан тарбиялоо.
  • Азык-түлүк коопсуздугуна жана айыл чарбасына инвестициялар.
  • Айыл чарбасындагы өндүрүштүн көлөмүн кеңейтүү максатында билгичтик менен карыз алуу.
  • Фермерлердин жана товар өндүрүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн маанилүү шарты катары.

Сиздердин ишиңиздерди күтөбүз!

 КРнын жогорку окуу жайларынын экономикалык  багыттагы студенттеринин арасындагы улуттук Конкурс- эссенин  Жобосу 

 БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк Программасынын жана «Бай Түшүм» Банкынын  конкурс-эссесине катышуу үчүн арыздын Формасы