ТҮНДҮК тиркемесиндеги Насыя алууга өз алдынча тыюу функциясы сиздин каржыңызды коргоп, ойлонулбаган насыялардан сактайт

27.11.2025

Насыя алууга өз алдынча тыюу функциясын иштетүү үчүн: тиркемени ачыңыз, авторизациядан өтүңүз, «Кызматтар» бөлүмүнө кириңиз жана «Насыя алууга өз алдынча тыюу» опциясын тандаңыз. Кредиттик бюрону тандап, арыз жибериңиз. Тастыкталгандан кийин тыюу салуу активдешет, жана банктар насыя бере албайт.

Насыя алууга өз алдынча тыюу функциясын өчүрүү үчүн: «Насыя алууга өз алдынча тыюуну өчүрүү» опциясын тандаңыз. Чектөөлөр 12 сааттын ичинде алынат, маалымат кредиттик бюролорго автоматтык түрдө жаңыртылат.

Насыя алууга өз алдынча тыюу сиздин насыялык тарыхка таасир этпейт.

Бай Түшүм Банкы менен каржыңызды коргоңуз!