Салым — Бай-Түшүм Банкынын жаңы дебеттик картасы
20.07.2026
Бай-Түшүм Банкы жаңы карталар сериясындагы алгачкы карта — «Салым» картасын сунуштайт. Картанын дизайнынын негизине кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурасынын ажырагыс бөлүгү болгон байыркы түрк жазмасы — битиктер концепциясы алынган. «Битик» сөзү «жазуу», «жазма» деген маанини билдирип, билимди, муундардын уланмалуулугун жана маданий эстутумду сактоону символдоштурат.
«Салым» аталышы, жеке адамдын өнүгүүгө, жыргалчылыкка жана жаратуучулукка кошкон салымын билдирет. Дал ушул баалуулуктар Бай-Түшүм Банкынын жаңы картасынын концепциясынын негизин түзөт.
Салым — күнүмдүк эсептешүүлөр жана каржыны ыңгайлуу башкаруу үчүн иштелип чыккан универсалдуу дебеттик карта. Ал товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүгө, акча которууга, накталай акча алууга, онлайн төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана башка күнүмдүк финансылык операцияларды аткарууга ылайыктуу.
Карта үч төлөм системасында чыгарылат:
- Visa — эл аралык эсептешүүлөр жана саякаттар үчүн;
- UnionPay — Кытайда жана төлөм системасы иштеген башка өлкөлөрдө ыңгайлуу төлөмдөр жана сатып алуулар үчүн;
- Элкарт — Кыргыз Республикасынын аймагында күнүмдүк төлөмдөр жана эсептешүүлөр үчүн.
Салым картасы, аны тариздөө жана тейлөө шарттары тууралуу кеңири маалыматты Бай-Түшүм Банкынын бардык бөлүмдөрүнөн же 8899 кыска номери аркылуу Байланыш борборуна кайрылып алсаңыз болот.

