Курман айт майрамынын алдындагы Банктын иш тартиби
04.06.2025
Урматтуу кардарлар!
Курман Айт майрамына байланыштуу Банктын кеңселеринин иш тартиби төмөнкүдөй белгиленет:
-
5-июнь (бейшемби) – Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин №55-беренесине ылайык, жумуш күнү 1 саатка кыскарат;
-
6-июнь (жума) – Банктын бардык кеңселери үчүн эс алуу күнү;
-
7-июнь (ишемби) – Банктын бардык кеңселери үчүн дем алыш күнү.
Банкка келүүнү пландаштырганда, ушул маалыматты эске алууну суранабыз.
Сиздерди келе жаткан майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Тынчтык, ынтымак жана береке каалайбыз!
Урматтоо менен,
“Бай Тушум” Банкы