Депозиттер боюнча акциянын башкы байгесине: батирге, автоунаага жана Дубайга эки адамдык жолдомого  ээ болушкан жеңүүчүлөр белгилүү болду

22.12.2016

«Бай Түшүм» Банкы депозиттер боюнча эксклюзивдүү акциянын жыйынтыгын чыгарды, бул акцияга 380 ашык адам катышышты. Депозиттин топтолгон суммасы жана банктын башка тейлөөлөрү боюнча упайлардын максималдуу сан өлчөмүн алышкан акциянын катышуучулары башкы байгенин- батирдин, автоунаанын жана Дубайга эки адамдык жолдомонун ээси болушту.

Аталышы: Топтолгон упайлардын саны:
Бишкек шаарындагы батир: 9 805
Автоунаа:  Toyota Avensis 7 966,5
Дубайга 2 адамдык жолдомо 7 921,8, мунун ичинде  банктык башка тейлөөлөрдү пайдалануу боюнча 2 076 упай

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 2016-жылдын 29- декабрында саат 14-00дө Банктын башкы офисинде Үмөталиев көчөсү, 76 (Киев көчөсүнүн кесилиши) дареги боюнча өткөрүлөт.

«Бай Түшүм» банкынын эксклюзивдүү акциясы 2016-жылдын 15-мартынан баштап, 15-декабрына чейинки аралыкта өткөрүлгөндүгүн эсиңиздерге салабыз.   Акциянын шарттарына ылайык катышуучулар 10 000 сомдон башталган  суммадагы акча каражатын  жылдык 14% менен 12 айлык мөөнөткө депозит ачып, упай топтоого тийиш болушкан. Банктык башка тейлөөлөрдү: VISA жана Элкарт карталары менен эл аралык акча которууларды,  гросс жана клиринг тармактары боюнча Интернет-Банкинг  аркылуу которууларды пайдалануу менен упайды толуктап туруу каралган.

50 000 сом жана андан жогору өлчөмдөгү акча каражатын депозитте топтошкон акциянын 65%  ашуун катышуучусу кепилденген белектерди—1 500 сомдон 4 000 сомго чейинки  суммадагы тиричилик техникасына сертификаттарды  алышты.

Акция жарыяланган  мезгил ичинде акциянын 3 аралык этабынын жыйынтыгы чыгарылды, анда Банктын 18 кардары телевизорлордун, смартфондордун, ноутбуктардын, Ысык-Көлдөгү «Аврора» санаторийине эки адамдык  2 жолдомонун жана Таиландга эки адамдык саякат жолдомосунун ээси болушту.

Ушундай керемет белектерге ээ болушкан жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана келээрки жылы да боло турган биздин жаңы акцияларга катышууга чакырабыз.