2026-жылдын 23-февралына Банктын иштөө тартиби

23.02.2026

Урматтуу кардарлар,

Бүгүн, 2026-жылдын 23-февралында, майрам күнүнө байланыштуу иш күнү бир саатка кыскартылат.

Төлөмдөрдү кабыл алуу тартибине байланыштуу төмөнкү өзгөрүүлөрдү эске алыңыздар:

  • ГРОСС системасы аркылуу төлөмдөр саат 14:50гө чейин кабыл алынат.

  • Клирингдик төлөмдөр кадимки тартипте — саат 11:40ка чейин кабыл алынат.

  • SWIFT системасы аркылуу төлөмдөр саат 15:30га чейин кабыл алынат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 55-беренесине ылайык, Банктын бардык кеңселеринде майрам күнүндөгү иш убактысы бир саатка кыскартылат.

Каржылык операцияларыңызды пландаштырууда ушул маалыматты эске алууну өтүнөбүз.

Түшүнүүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз!