Ар бир аманатчыга төлөнүүчү компенсациялардын өлчөмү, кепилденген жагдайлар жаралган учурда көбөйтүлдү

07.10.2016

Урматтуу кардарлар,

ЖАК «Бай-Түшүм» Банкы 2012-жылдан бери Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо тармагынын катышуучусу болуп саналат.

Ушул негизде, «Бай-Түшүм» Банкынын аманатчыларынын бардык аманаттары Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо» Мыйзамына ылайык камсыздандырылган. Ушул мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 2016-жылдын 20-августунан баштап, ар бир аманатчыга жана жекече ишкерлерге төлөнүүчү компенсациялардын өлчөмү, кепилденген жагдайлар жаралган учурда 200 000 сомго чейин көбөйтүлдү.

Суроолор пайда болгон учурда, байланыш борборуна: (312) 905 805 телефону аркылуу кайрылууңуздарды өтүнөбүз.